Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөгүм»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кадалам мен сенин кара көзүңө,
Тандабас мени болсоң да.
Тартуулайм мен сенин гана өзүңө,
Сунулган гүлүм болсо да.
Жалындай жалындап,
Жылдыз нурун тартуулап,
Жараладың, жабыркадым, карындаш.
Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак,
Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап.
Кайырма:
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Ооруп калды жүрөгүм,
Ойлогон сайын жүдөймүн.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Эңсеп сени сүйөмүн,
Арналат сага жүрөгүм.
Ак куулардын арасынан тааныдым,
Жаныма келчи, жарыгым.
Ай тумарым, ак сүйүүнүн булагын,
Өзүңө бурчу сураарым.
Жалындай жалындап,
Жылдыз нурун тартуулап,
Жараладың, жабыркадым, карындаш.
Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак,
Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Алыс кетпей алдейлеп, наристесин бөпөлөп, Апалар өмүрүн түйшүк менен өткөрөт. Аягы жок мен билем, апакемдин эмгеги, Балам деп, мен үчүн азап чегип келгенмин. Кайырма: Унутуп кайгы-капа, санааңды, Кейитип жүрсөм кечир балаңды Ак сутүң актай албасам, Мен жашай аламбы? Акылдуу бол балам деп, накыл сөзүн кайталап, Апакем билинбей улгайганың байкалат. Ошондуктан ардактап апаларды сыйлайлы, Бейиш да алардын бут астында турбайбы. Кайырма:
  • Байыртан ата салтын улаган эл, Кыйын күндү жеңип өткөргөн. Ынтымак, ырыс-кешик кураган эл, Душмандары коркуп, сезгенген. Кайырма: Ала-Тоонун нурусуң, Ак пейилдүү улутум, Баатырлардын мекени жерим. Кыргызымдын уулусуң, Көтөрөлү бир бурчун, Желбиретип бийик желегин. Тарыхың жол көрсөтүп караңгыда, Урпактарга келген кептериң. Таңеймин күндөн дагы жарык нурга, Бабалардын баскан издерин. Кайырма: Ар күнү шайыр мүнөз ырга жакын, Обон созуп ак жүрөгүнөн. Дасторкон жайып дайым сыйга жакын, Бата берип ак тилегинен. Кайырма:
  • Кадала тиктеп өзүңдү, Карагым келет көзүңдү. Кыялга бөлөп койдуң сен, Көңүлүм сага бөлүндү. Неге мынча татынасың? Назданып сен тартынасың, Балдан ширин таттуу жансың… Кайырма: Жан дүйнөм сага, Сезимим сага. Жүрөктөн чыккан, Ырларым сага. Жылдыздай жанат, Көздөрүң мага. Тойбоймун карап, Тамшанып сага. Жашоомдун сенсиң жыргалы, Сезимдин өчпөс чырагы. Садагам сага мен дайым, Санаалаш болсом ар дайым. Неге мынча татынасың? Назданып сен тартынасың, Балдан ширин таттуу жансың… Кайырма:
  • Багыт берген өмүр жолумда Жан дили менен Элдин уулу болгун деп Мага тарбия берген Кайырм: Балдарым деп канча кырды аштың Билгизбедиң ата кыйналдың Анын баарын билип туямын Атакем ай Жүрөгүмдүн чексиз урматым Ыйык туткан менин устатым Атакебай сиз оорубаңыз Атакем ай Бир сөзүңүз бийик асманда Атакем менин Агарды го чачың биз үчүң Аны билемин