Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сенин күлкүң»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жолугуп ойлонбогом эч нерсени
Чынында түйшүктүн да жеткен чеги
Үйрөтүп санаалардын көздөрүмдө
Мынчалык күлбөптүрмүн көптөн бери

Кайырма:
Айтылды тамаша сөз түркүн-түркүн
Бул күнгө баасы жетпес, берсе миң күн
Жаандай дарыяны ташкындаткан
Күч берди мага бүгүн сенин күлкүң

Күлдүрүп, күлүп көпкө бир басылбай
Боорумду эздиң мынча кымбатым ай
Бирөөгө таарынганым унутуп калып
Айтылды жүрөктөрдө сыр катылбай
Кайырма :

Другие песни исполнителя:

  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма:
  • Күнүгө ойлоп баштайм ар таңдан Күлгөнүңдү эстеп алып назданам Ботодой көздөрүң ирмесе өзгөрүп Сөзүнөн жагат бал тамган Суктанып койбосун деп башкалар Көз мончок болдум кайтарган Кайырма: Сен мени кызгандыргың келе береби Чынын айтчы барын Чынын айтчы жаным тутандырбай Сен мени кызгандыргың келе береби Чынын айтчы жаным Чок жүрөгүмө муз салдырбай Өзүнүн башка бардай дүйнөсү Ордунан козголбогон мүнөзү Чырайы келишкен Болсо да периштем Баарына тете бир өзүң Жүрөгүм жүрөгүңдү бир көрүп Сүйдүрүп алып жүрбөсүн
  • Алаканга салып жүрөм, Аярым мен сени сүйөм. Ашыктык отуна күйөм, Көтөрөм кыялыңды, Катып жүргөн сырларыңды, Катпа менден жыргалымды. Билем жаным сен эркесиң, Бирөө барын сен сезерсиң, Ачтың сүйүү терезесин. Кайырма: Бир болууну самаймын, Өзүңсүң аярым Жанымда болчу дайым Сүйүүнүн жалыны, Сезимдин жарыгы, Жанымдын жарымы сен. Сөзүң таттуу балдай сенин, Сүйлөткүм бир келет менин. Сөзү жок да сезет сезим Карегиңден мен айланып, Өзүңө калдым мен байланып Аяганың байкалып. Жүрөктөрдөн сүйүү чачып, Өмүр бою дидарлашып, Өтөлүчү кол кармашып