Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кошуна кыз»
исполнителя Жакут Сыдыков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Эх билбейм неге мынча келесоомун Эч эле колдон түшпөйт телефонум Кудайым эле кылган өмүрүмдү Кой десе болбой сага коротомун Баягыда бузулганда телефонум Табылды го кайра менин жоготконум Ата-эне бала-чака бар экенин Ошондо билбедимби телефонум Мен сенсиз жашай албай калчудаймын Күнү-түнү сени менен кагылайын Өзүң жок кантип жашап жүрдүм экен Өчүп калсаң күйгүчөктү сагынамын Колума тийсе болду телефонум Кокустан акыл-эсти жоготомун Оозума тамак келсе даяр болуп Ооз тийбей отурамын орозомун Уктаганда жаздыгыма катып жатам Ойгонсом интернеттин бетин ачам Инстада отурамын басып лайкты Ордуман туруп кетпей далай жатам Достор менен жолугушкан кандай сонун Бирөө да сүйлөбөйт го баары момун Баары эле телефонун чукулашат Кайра эле сага келем телефонум Сулуулар коюп койсо сүрөттөрүн Жигиттер илип коет жүрөктөрүн Көтөрбөй отурабыз башыбызды Билбей да калчу болдум күн өткөнүн Эх билбейм неге мынча келесоомун Эч эле колдон түшпөйт телефонум Кудайым эле кылган өмүрүмдү Кой десе болбой сага коротомун
  • Бериңиз деп ыйлап, Пенсияңызды жыйнап, Мен Бишкекке келип алдым апа. Кайда барып жатам? Кимдикине батам? Кандай кылам билбей калдым апа. Борбор аянттагы, Солдаттардын жаны, Күүгүм кирип көз байланды апа. Айылдагы үйүм, Болсочу деп бүгүн, Эки көзүм төрткө айланды апа. Милициялар келди, Мага жардам берди, Прописка жок алып кетти апа. Тыгылышып баткан, Бекер эле жаткан, Ал күндөрүм алыс кетти апа. Азыр болсо эми, Тааныш кыйын мени, Кайда барсам конуп калдым апа. Вечерлерде бийлеп, Орусчалап сүйлөп, Шаардык жигит болуп калдым апа. Түшүнөсүз бизди, Сагынганда сизди, Маяк берсем чалып койчу апа. Сүйлөшөлү кенен, Кайра кийин берем, Единица салып койчу апа. Батирлерде турам, Көчүп-конуп улам, Бабаларым көчмөн болгон апа. Бишкекке үй курсам, Пропискага турсам, Анан болду көчпөй коём апа. Кыргызым деп күйөм, Кыргызстанды сүйөм, Шок балаңды баалап алчы апа. Жашырынып элден, Санаа тартып менден, Шок-Фактыдан карабачы апа. Таба албасаң тыйын, Шаарда жашоо кыйын, Айылымды сагынамын апа. Үч тамгадан турган, Сизге жаным курман, Карааныңдан кагылайын апа. Айылыма салам, Отвечаю барам, Прописканы кайдан алам апа? Каалабаймын кейиш, Таманыңыз бейиш, Сиздей затты кайдан табам апа? Эмгегиңди актап, Мекенимди сактап, Эл-журтумдан алайынчы бата.