Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жолоочу кызга тексти»
исполнителя Айбек Касымов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жамгыр майда майда болуп себелеп жатты,
Жүрөгүмдү аруу сезим тебелеп атты.
Автобустун арткы ордунда жанаша олтуруп,
Кыялыма түркүн түркүн ой келди татты.

Кайырма:
Узун жолду кыскартыңыз,
Ким болот атыңыз.
Тартынчаактык кылып жатам,
Сөзгө тартыңыз.

Деген сөздү айталбастан уурдана карайм,
Көзүм менен саамайыңды суктана тарайм.
«Таанышалы ысымың ким карындашым» деп,
Сезимимде ушул сөздү эчен кайталайм.

Кайырма:
Жүрөгүңдү ээлеген бекзадаң барбы?
Жүдөп кеттим сүйлөй албай сөз чыкпай калды.
Бул бакытың түбөлүгүң куттуу болсун деп,
Угулгансыйт ак жамгырдын шыбыраганы.

Другие песни исполнителя:

  • Ой, бото көз, бозой сени сагынган, Жылытсам дейм жүрөктөгү жалындан. Башың ийкеп бал сөзүңдөн таттырбай, Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан. Калдым жалгыз улутунуп өзүмчө, Кабак чыттың көчөдө элдин көзүнчө. Карабадың арт жагыңа кылчайып, Калп бейм, антың алдамчынын сөзүнчө. Көргөн сайын короосунан үйүмдүн, Күүсүн угам күлкү аралаш үнүңдүн. Улам жанып жылдыз өңдүү жылтылдып, Учкундары сен жакка учат сүйүүмдүн.
  • Закымдап кеткен элестер, Түшпөсө эске ким эстер. Түшүрөп жүрсөм аралап, Кызгалдак терген белестер. Жалындап өткөн мезгилди, Жаш алам көзгө эми эстеп. Бүлдүркөн терсек сыдырым, Сылаган жүзүң кыдырып. Эркелеп тостун ошондо, Тентисе тентек сыдырым. Сыдырым болбой эмне деп, Ичимден тынгам сызылып. Балдыркан терсек караган, Балтырың чийип канаган. Карабай ага кечкенсин, Суктантантып сууга жалаган. Суу болуп калбай эмне деп, Ойлорго чөккөм ааламат. Эзелки ойлор аламан, Булуттай ээрип тараган. Жаштыктын жашыл ээлеси, Эмгиче кетпейт санаадан. Азыр да журөк зырп этет, Кызгалдак көрсөм талаадан.