Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өмүр чиркин бир келет»
исполнителя Мурадил Данияров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаштыгым кайда шаштың
Менден алыс узадың
Ак боз атын тизгини
Мына бүгүн тартамын
Балалыкка баш алып
Кетким келет күн сайын
Өмүр өтсө бул күндөр
Кайра келбейт тууганым

Кайырма:

Өмүр чиркин бир келет
Өкүнбөй жашоо керек
Сыйлашалы кел досум
Бул жашоо бизге белек

Тагдырыңа кейибе
Ден- соолук бар шүгүр де
Кел досум сырдашалы
Жашоодо болот кайгы
Амандык болсун дайым
Ден- соолук бар байлыгың
Адамдык ак сапаты
Түбөлүк ары улансын

Другие песни исполнителя:

  • Мээрим төгүп жайнаган Бүт өмүрүн арнаган Уул болсом деп тилеймин Эмгегиңди актаган Алтын апа жаным апооу Сизге дайым таазим апооу Ак сүтүңдү эмгенмин Ак бешикке термедиң Сиз бар үчүн апаке Билем дүйнө кеңдигин
  • Жал, жал карап калган чагында Жүрөк күйдү чексиз жалынга Жан адамга ыраа кыйбастан Жүргүм келчү сенин жанында Тиктей албай карек нурларын Эстен кетпейт кирпик жумганың Бир өзүнө арнаар элем мен Махабаттын назик ырларын. Кайырма: Ачык айтсам сен кеткенден карабай Азап тартам ичте бугум тарабай Айыкпаган дартка салдын кантейин Абалымды сураганга жарабай. Мейли, мейли сурабагын абалым Мен алгачкы сүйүүм менен каламын Эсте жүрсүн гүл сунушкан учурлар Эсте жүрсүн гүлүп турган жамалын! Аттин, аттин ошол кездерим Алдаарыңды неге сезбедим Жанга батып жүрөк сыздатты Жал оорутуп таштап кеткениң Жароокерим менин жалжалым Сүйбөс болсон неге алдадың Эстей берип өмүр өткөнчө Көкүрөктөн кетпес арманым Кайырма: Ачык айтсам сен кеткенден карабай Азап тартам ичте бугум тарабай Айыкпаган дартка салдын кантейин Абалымды сураганга жарабай. Мейли, мейли сурабагын абалым Мен алгачкы сүйүүм менен каламын Эсте жүрсүн гүл сунушкан учурлар Эсте жүрсүн күлүп турган жамалың!