Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арзуу»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат,
Ойноок көз курбум карашың кымбат.
Сагыныч эзет сары оору кылып,
Өзгөчөм деймин башкадан ылгап.

Кайырма:
Ооруду жүрөк ок болуп тийген,
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы сүйбөйм.

Сагындым сени үлбүрөп турган,
Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм.
Жол бою өскөн дарактай болуп,
Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм

Кайырма:

Кыйбасым ойлон кымбатым жандын,
Жанымда болуп жалындай жангын
Антпесе өмүр боектой өчөт,
Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.

Другие песни исполнителя:

  • Кол жеткис менин чүрөгүм, Жаныңа барсам сүрдөймүн. Айта албай сага сүйүүмдү, Кыйналып кетти жүрөгүм. Кайырма: Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй. Күлсөң менин чүрөгүм, Эзилип кетет жүрөгүм. Эстеген сайын күлкүңдү, Ансайын сени сүйөмүн. Кайырма: Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй. Тартылам, жаным, өзүңө, Суктанам кара көзүңө. Жүрөктөгү дартымды, Айта албай келем өзүмчө.
  • Кичинекей менин жүрөгүм, Көксөп күткөн анык тилегим. Жыттап тойбойм, эркем жытыңа, Ак жүзүңдөн күндө сүйөмүн. Жаным бөбөгүм, сени өбөйүн. Бардыгынан билсең, артык көрөмүн. Кайырма: Атасынын данеги, сен кызым, Апасынын кареги, сен кызым. Балбылдаган көздөрүңдөн, Бакыт көрдүм, бүт ааламга тең кызым. Өскөнүңдө гүлдөй ачылып, Көрүү үчүн келем шашылып. «Атакелеп» тоссоң алдыман, Чарчаганым калат жазылып. Асыл бөбөгүм, кызым жөлөгүм, Үйүбүздү чон бакытка бөлөдүң. Кайырма:
  • Алыс кетсем үйүмдөн, кабатырланып, Күнү-түнү уктабай санаага батып. Кара чачың агартып, бизди чоңойттуң, Рахматымды айтсам да, таманыңда н өпсөм да. Аздык кылат апакем. Кайырма: Апакемдин маанайы, Ачык болсун ар дайым. Оорубачы апакем, Узун өмүр каалаймын. Төрүбүздүн көркүсүң, бейиш үйүбүз, Сизден алып тарбия, тунук дилибиз. Балдарыңды чоңойттуң, урмат-сыйын көр, Небере да жетелеп, алар сага эркелеп, Узак өмүр сүрүңүз. Кайырма:
  • Бакыттын даамы сезилбей кетти Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү Сагындым жаным Кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың