Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата-энем»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Оо ата энем аска зоом тирегим,
Силер менин бул жашоодо зирегим.
Дайым мага айткан сөзүң эсимде,
Эң биринчи тийсин элге керегиң.
Кайырма:
Атакебай, апакебай,
Силер барда мен максатка жетемин.
Оо ата энем жан кубатым медерим,
Силерсиңер желбиреген желегим.
Көзүм ачтың, коштуң адам санына,
Силер барда мен максатка жетемин.
Кайырма:
Оо ата энем теңдеши жок устатым,
Тарбияга тактап мени тынбадың.
Эми менин эң биринчи милдетим,
Эл алдында урматтаймын, сыйлаймын.
Кайырма:
Атакебай, апакебай,
Силер барда мен максатка жетемин
Эл алдында урматтаймын сыйлаймын.

Другие песни исполнителя:

  • Кол жеткис менин чүрөгүм, Жаныңа барсам сүрдөймүн. Айта албай сага сүйүүмдү, Кыйналып кетти жүрөгүм. Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй. Күлсөң менин чүрөгүм, Эзилип кетет жүрөгүм. Эстеген сайын күлкүңдү, Ансайын сени сүйөмүн. Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй. Тартылам, жаным, өзүңө, Суктанам кара көзүңө. Жүрөктөгү дартымды, Айта албай келем өзүмчө. Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй.
  • Адаштырып мени ар качан Азаптарга жаным салбасаң Өкүнүчтө калып сыздап калсамчы Өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн баарын сизге арнасам Карындаш кимди сүйөсүң ээй
  • Заманыбыз бузулгандай туюлат. Жаштар жүрөт көчө тентип аралап. Кыргыз элим намыскөйлүү калк келген, Таштагыла, жакшы жолго алып барбайт. Кыйын кезде кырылбаган кыргызым, Башын ийип чөгөлөбөй көп кылым, Алдырбастан эч бир жанга намысты, Сактап келген Ата Мекен кыргызым. Кайырма: Байлык, бийлик азгырат го жолуңдан, Кыргыз элим, адашпагын жолуңдан. Ынтымактуу болуп элим жашайлы, Заманыма ыйман бергин, Жараткан. Жараткандан жалыналы, сурайлы, Элибизге берсин тынчтык, ыйманды. Бирибизди тонобойлу, кыргызым, Ортобузда ынтымак, күч орносун. Байлык десе адашабыз түз жолдон, Пулун берип чоң жумушка орношкон. Жок болсо дейм ошондойлор арадан, Оңолот го кыргыз элим, оо, качан? Кыргыз деген атыбыз эч өчпөсүн, Кылымдарга жаша, эрип чөкпөгүн. Ата Мекен жалгыз бирөө, экөө эмес, Ырыскыңды, кыргыз элим, төкпөгүн. Кайырма:
  • Кыска этек киесиң, Кылыктуу жылмайып жүрөсүң. Кыйналып ичимден, Кызганып жатканым билесиң. Сымбатың менен сыйкырлап мени, Санаага ойду чырмап салдың. Жашоомо бакыт тартуулап анан, Жүрөктү аста уурдап алдың. Кайырма: Саамайыңа күндү илейин, Сен да мага көңүл бурчу! Махабатым билдирейин, Токтой турчу! Сезимимди океандай, Сен да туюп кабыл алчы. Эзе бербей өчүң бардай, Аясаңчы! Көзүңдү боёйсуң, Көңүлдү азгырып коёсуң. Кокустан кез келсек, Көрсөң да, көрмөксөн болосуң. Жамалың менен жадырап карап, Жанымды торго илип алдың. Жомокто сулуу периште сымал, Жүрөккө аста кирип алдың.
  • Он жыл бою чогу окуп Болгонбуз бир тууган Ойлогондо жүрөгүмө дайыма келет шаң Биздин мектеп Биздин класс чакырат алыстан Ойноп күлгөн балалыкты Эстебейт кандай жан Кайырма: Мен саагындым, Мен саагындым Мектебим үйүмдү Эжей агай сиздерсиз Кусалык билемин Кайдасын Парталаш классташ досторум Арнайын ыр менен силерге сүйүүмдү Жашыл тартып Өскөн чыгар биз тиккен багыбыз Кат жазышып Кат алышкан Кыялкеч жарыбыз Сыйласак дейм Мурункудай жыйналып баарыбыз Азыр кайда Алгач сүйүү ак бантик сарыгы Кайырма: