Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мени унут»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы Обону : Эдил Маматовдуку

Сөздөрүм ырларымда угуп кой,
Жетинип айта албаган
Келечек күнгө болбо сен тоскоол,
Өткөнгө кайтып бара албайм.
Алгачкы махабатты берген деп
Өзүңдү эч жашыра албайм.
Ашыктар болгонбуз биз ээрчишкен,
Ал күндөр эми кайтпаган.

Кайырма:

Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө,
Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө.
Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө,
Мени унут, убакыт дары күндөргө. Сезимдер сага деген муздады,
Көңүлүм жүрөт тартпай.
Мендеги жашаган сүйүү бүттү,
Эми кайра ал жаралбайт
Жүрөктө жылуулук калды өчүп,
Сагынбай калдым сагынбай.
Себебин билесиң ичтен туюп
Ал күндөр кетти, кайрылбай.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат, Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап. Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам, Ар жыл сайын, ай, уланат. Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр, Туулган күн шаңга бөлөнөт. Кайырма: Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Амандыкты тилейли, Ден соолукта жүргүн. Ачылсын ар дайым Жаштык өмүр гүлүң, Бактың, сүйүүң. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Ата-эне бир тууганга, Алтын башты ийгин. Жашоонун кадырын Узак жашап билгин, Ойноп-күлгүн. Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап, Жакындарың кымбат белек алып камданат. Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп, Куттук сөздөр, ай, арналат. Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген Эх, кандай сонун салтанат, эй. Кайырма:
  • Жаштардын шаары – Жалал-Абад, Күн өткөн сайын жашарат. Түгөнбөй ырдай берүүчү, Ырларым сага арналат. Жалал-Абад – менин күнүм, Жалал-Абад – сенин күнүң. Келсең, курбум көрөсүң, Жалал-Абад шаарын бүгүн, Мына бүгүн. Кечинде деле Жалал-Абад, Көркөмү сонун кулпурат. Жагымдуу ырлар ырдашып, Кыз-жигит бирге үн салат. Кайырма: Жашарат шаарым жыл менен, Бүтө албайм мактап ыр менен. Бул шаардын сулуу кыздары, Ачылган кызыл гүлгө тең. Кайырма:
  • Көргөндө сени күлгөнүң жаккан Өзүңсүң бактым мен издеп тапкан Күн өтсө дейли жыл өтсө дейли Жүрөктүн ээси жалгыз өзүң Өзүң бар үчүн көңүл жай үчүн Жашооңду курчайт тунук сезим Убакыт учуп өмүр өзгөрөт Кубаныч тартуулаган далай кез келет Өзүңсүз бирок сезимсиз бирок Баары бир бекер баары бир бекер Бул күндөр өтөр жаңы күн келер Жаным дайым болбосоң сен жанымда эгер Байлыгың деле бийлигиң деле Мен үчүн бекер баары бир бекер Өзүңсүз өмүр күн өтүп жаткан Чыккан күн кайра бат эле баткан Жолуккан күнү алоолоп сүйүүп Бакыттын нурун өзүндөн тапкам Сезимдин гүлү ашыктык үнү Жүрөктө гана жашап алган Убакыт учуп өмүр өзгөрөт Кубаныч тартуулаган далай кез келет Өзүңсүз бирок сезимсиз бирок Баары бир бекер баары бир бекер Бул күндөр өтөр жаңы күн келер Жаным дайым болбосоң сен жанымда эгер Байлыгың деле бийлигиң деле Мен үчүн бекер баары бир бекер
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: