Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалал-Абад»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаштардын шаары – Жалал-Абад,
Күн өткөн сайын жашарат.
Түгөнбөй ырдай берүүчү,
Ырларым сага арналат.

Жалал-Абад – менин күнүм,
Жалал-Абад – сенин күнүң.
Келсең, курбум көрөсүң,
Жалал-Абад шаарын бүгүн,
Мына бүгүн.

Кечинде деле Жалал-Абад,
Көркөмү сонун кулпурат.
Жагымдуу ырлар ырдашып,
Кыз-жигит бирге үн салат.

Кайырма:

Жашарат шаарым жыл менен,
Бүтө албайм мактап ыр менен.
Бул шаардын сулуу кыздары,
Ачылган кызыл гүлгө тең.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Элесиң көз алдымда, Гитара үнүн уксам. Унутам бир азга мен, Нотасын ырдын жазсам. Унутам бир азга мен, Ал күндү эске тутсам. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Байкабай калыптырмын, Жүрөктү жаралапсыз. Сурабай калыптырмын, Аты жок калыптырсыз. Ак көйнөк бийкеч болуп, Аты жок калыптырсыз. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Ырдаймын ушул кечте, Жетер деп сүйүүм сизге. Көрсөңүз эгер мени, Качпаңыз алыс жерге. Уксаңыз эгер мени, Бололу бир аз бирге. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Келсе деп ошол майрам.
  • Бүгүн бар, эртесинде жоксуң Ар таңды акыркыдай тоскун Беш күндүк жалган бул өмүрдө Коноксуң! Жаш кезде жанып турган отсуң Жалбарып кармай алган жоксуң Жарк этип жашоо бизден өтсө Жомоксуң Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Кээде кыш, кээде жаркын жайсың Бир тарып, бир балкыган байсың Тагдырдын татаал тар жолунда Сынайсың Билгенге бакыт толгон ирмем Билбеске кирип, чыккан бир дем Өмүр бул белек жаратканым жиберген! Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Өмүрдү сүйүп жашаймын
  • Нөшөрлөп эжай бербей жамгыр төксө Жамгырдай толгон карек жашын сепсе Жүрөгүм жаш кесилип келээр бекен? Жанымдын кыйын алганын жаның сезсе Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Айта албай убакыттын эрте-кечин Сыялап сырлар жазам кагаз бетин Кетипсиң кайра келбес сапарыңа Калтырып махабаттын ыр-кесесин Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Конбоду чынарымдын бутагына Кыспадың койнуң толо кучагыңа Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң Карматып кыпкызыл чок бутагыңа Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын
  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Кайырма: Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Кайырма: