Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак койнок кийген бийкеч»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Элесиң көз алдымда,
Гитара үнүн уксам.
Унутам бир азга мен,
Нотасын ырдын жазсам.
Унутам бир азга мен,
Ал күндү эске тутсам.

Ал күнү ошол кечте
Гитара үнү коштой.
Ак бийге түшкөн элек,
Ак көйнөк кийген бийкеч.
Ак көйнөк кийген бийкеч,
Келемин сени издеп.
Келсе деп ошол майрам,
Бакыт күн биз жолуккан.

Байкабай калыптырмын,
Жүрөктү жаралапсыз.
Сурабай калыптырмын,
Аты жок калыптырсыз.
Ак көйнөк бийкеч болуп,
Аты жок калыптырсыз.

Ал күнү ошол кечте
Гитара үнү коштой.
Ак бийге түшкөн элек,
Ак көйнөк кийген бийкеч.
Ак көйнөк кийген бийкеч,
Келемин сени издеп.
Келсе деп ошол майрам,
Бакыт күн биз жолуккан.

Ырдаймын ушул кечте,
Жетер деп сүйүүм сизге.
Көрсөңүз эгер мени,
Качпаңыз алыс жерге.
Уксаңыз эгер мени,
Бололу бир аз бирге.

Ал күнү ошол кечте
Гитара үнү коштой.
Ак бийге түшкөн элек,
Ак көйнөк кийген бийкеч.
Ак көйнөк кийген бийкеч,
Келемин сени издеп.
Келсе деп ошол майрам,
Бакыт күн биз жолуккан.
Келсе деп ошол майрам.

Другие песни исполнителя:

  • Бакыттын даамы сезилбей кетти, Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Кайырма: Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың. Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың. Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү. Сагындым жаным, кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди. Кайырма: Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың. Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың.
  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма:
  • Бүгүн кызым, турмушту көздөй канат кактың, Сүйкүм кызым, бакытың карай кадам бастың. Атакесинин данеги, Апакесинин кареги — болгон дайым, Тилегим тунук арнайын. Кайырма: Кызытай кагылайын, Көңүлгө жарык айым. Күн болуп күлүп турсун, Нур чырайың. Кызытайым Бактыңды мен каалаймын. Мөмөлөп гүл багыңда, Жүргүн дайым. Унутпагын апаңдын сага айткан кебин, Урматтагын дайыма сыйлап тапкан теңиң. Келиндей эмес кызындай, Кондуруп алсын учурбай — барган жериң. Тилегим жалгыз бул менин.
  • Түндө түш көрдүм,апам жанымда, Ысык нан сунат и-ий,менин колума. Ойгонсом түшүм,сыздады жүрөк, Бат эле өттү и-ий бактулуу мүнөт. Припев: Жолун тосуп жөнөйүн,Токтогул жериме Ашуу ашып барайын,айылым,элиме Бала болуп көчөмдө,кайрадан чуркайын Узун акма суусунан,тамшанып урттайын Көздөн жаш тамып,жаздыгым нымдап Уктабай жаттым и-ий жүрөктү тындап Биз өскөн чон там,көзүмдөн учуп Сагыныптырмын и-ий айылды чындап
  • Билбеймин мени кантип арбадың, Көп кыздардан бир сени тандадым. Бүт өмүрүмдү сага арнадым мен, Жүрөк ээси жалгыз өзүңсүң. Кайырма: Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым. Жүрөккө нурун чачкан күнүмсүң, Жашоомдун көркүн ачкан гүлүмсүң. Түбөлүккө бир келчү сүйүүмдүн да, Ээси жалгыз өзүңсүң. Кайырма: