Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жоопсуз суйуу»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүмө жарык нур берген,
Ак сүйүүмдүн тазасы элең.
Махабатым бир сага арнап,
Сени сүйүп, сен деп жашап келгем.
Кайырма:
А бирок сен сезбедиң мени,
Сага болгон тунук сезимди.
Сага арналган сүйүүмдү сен,
Түшүнбөдүң, кантейин эми?
Жылдар жылып, убакыт өтөт,
А жүрөгүм бир сени күтөт.
Таалайыма жазганбы тагдыр?
Табышмактай чечилбей келет.
Кайырма:
Сагынычтан күн өтөт,
Сагынып жүрөк күтөт.
Сагынычтан сыздайт эт жүрөк.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Заманыбыз бузулгандай туюлат. Жаштар жүрөт көчө тентип аралап. Кыргыз элим намыскөйлүү калк келген, Таштагыла, жакшы жолго алып барбайт. Кыйын кезде кырылбаган кыргызым, Башын ийип чөгөлөбөй көп кылым, Алдырбастан эч бир жанга намысты, Сактап келген Ата Мекен кыргызым. Кайырма: Байлык, бийлик азгырат го жолуңдан, Кыргыз элим, адашпагын жолуңдан. Ынтымактуу болуп элим жашайлы, Заманыма ыйман бергин, Жараткан. Жараткандан жалыналы, сурайлы, Элибизге берсин тынчтык, ыйманды. Бирибизди тонобойлу, кыргызым, Ортобузда ынтымак, күч орносун. Байлык десе адашабыз түз жолдон, Пулун берип чоң жумушка орношкон. Жок болсо дейм ошондойлор арадан, Оңолот го кыргыз элим, оо, качан? Кыргыз деген атыбыз эч өчпөсүн, Кылымдарга жаша, эрип чөкпөгүн. Ата Мекен жалгыз бирөө, экөө эмес, Ырыскыңды, кыргыз элим, төкпөгүн. Кайырма:
  • Айт, неге, эмнеге айдай жүзүңдү сен менден жашырып алдың? Ансайын азгырып барасың. Ким үчүн, не үчүн берген белектериме эч көңүл бурбадың? Ойлонуп чын эле чарчадым. Карап, карап керилесиң, мадам, Басасың жанымдан. Чачтарың жазылган, Карап, карап, жаным, сүйгөн жамалыңды, Сылап өткөн салкын желден кызганып барам. Кайырма: Алдап, алдап, неге мени сезбей койдуң? Ах, жүрөктү ойдуң. Кайра мага жылмаюуңду дагы сездим Эх, жүрөктү эздиң. Жок дебе, издебе шылтоо кылып менден, жаным, алыстай бербе, Билемин сүйөсүң сен мени. Байкатпай беймарал жүрөсүң го, а бирок сен жолуксам дейсиң, Кантсең да жашырба сезимди. Карап, карап керилесиң, мадам, Басасың жанымдан, Чачтарың жазылган. Карап, карап, жаным, сүйгөн жамалыңды, Сылап өткөн салкын желден кызганып барам. Кайырма: Алдап, алдап неге мени сезбей койдуң? Ах, жүрөктү ойдуң. Кайра мага жылмаюуңду дагы сездим, Эх, жүрөктү эздиң.
  • Билбеймин мени кантип арбадың, Көп кыздардан бир сени тандадым. Бүт өмүрүмдү сага арнадым мен, Жүрөк ээси жалгыз өзүңсүң. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым. Жүрөккө нурун чачкан күнүмсүң, Жашоомдун көркүн ачкан гүлүмсүң. Түбөлүккө бир келчү сүйүүмдүн да, Ээси жалгыз өзүңсүң. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым
  • Жаным жааным жакын көргөн адамым сенсиң Оюумдасын көңүлдүн баарын ээлегенсиң Жалындаган махабатымды ченелбеген Бөлүнүп кеталбас кыялымды сен менен Арнадым сага баарын ишенип айталамын Өзүңсүн менин багым Сен менин жан дүйнөмө крексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Бактыма сендей адам турганда Жүрөгүм бүтүн менин жалгыз емесмиң Сен менин жан дүйнөмө крексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Көңүлүң ооруп турса муңайба Мен бармын жаным жалгыз эмессиң Жаным жааным эч кимге окшобогон жансын Көзүңдөгү нуруңа мени байлагансын Жалындаган жүрөгүмдү менин арбаган Сен деген сезимдердин тереңине таң калам Сырымды сага ачтым колуңда менин бактым Сүйгөнүм махабатым