Казахские песни Узбекские песни

Песня «Оңол элим»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Заманыбыз бузулгандай туюлат.
Жаштар жүрөт көчө тентип аралап.
Кыргыз элим намыскөйлүү калк келген,
Таштагыла, жакшы жолго алып барбайт.
Кыйын кезде кырылбаган кыргызым,
Башын ийип чөгөлөбөй көп кылым,
Алдырбастан эч бир жанга намысты,
Сактап келген Ата Мекен кыргызым.
Кайырма:
Байлык, бийлик азгырат го жолуңдан,
Кыргыз элим, адашпагын жолуңдан.
Ынтымактуу болуп элим жашайлы,
Заманыма ыйман бергин, Жараткан.
Жараткандан жалыналы, сурайлы,
Элибизге берсин тынчтык, ыйманды.
Бирибизди тонобойлу, кыргызым,
Ортобузда ынтымак, күч орносун.
Байлык десе адашабыз түз жолдон,
Пулун берип чоң жумушка орношкон.
Жок болсо дейм ошондойлор арадан,
Оңолот го кыргыз элим, оо, качан?
Кыргыз деген атыбыз эч өчпөсүн,
Кылымдарга жаша, эрип чөкпөгүн.
Ата Мекен жалгыз бирөө, экөө эмес,
Ырыскыңды, кыргыз элим, төкпөгүн.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жаным жааным жакын көргөн адамым сенсиң Оюумдасын көңүлдүн баарын ээлегенсиң Жалындаган махабатымды ченелбеген Бөлүнүп кеталбас кыялымды сен менен Арнадым сага баарын ишенип айталамын Өзүңсүн менин багым Сен менин жан дүйнөмө крексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Бактыма сендей адам турганда Жүрөгүм бүтүн менин жалгыз емесмиң Сен менин жан дүйнөмө крексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Көңүлүң ооруп турса муңайба Мен бармын жаным жалгыз эмессиң Жаным жааным эч кимге окшобогон жансын Көзүңдөгү нуруңа мени байлагансын Жалындаган жүрөгүмдү менин арбаган Сен деген сезимдердин тереңине таң калам Сырымды сага ачтым колуңда менин бактым Сүйгөнүм махабатым
  • Учурбай жаштык кезди, Убагында пайдалан. Өкүнүп сен калбайсың, Урматтап, ызааттасаң. Өтпөсүн, эй, жаштык кез, Кайгы, муң күндөр менен. Өмүрүң өтөт-кетет, Ойноп-күл чеги менен. Кайырма: Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштыктын таттуу кези. Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштык кезим. Жаштык кез сызып учат, Алыстан колун булгап. Артында изи калбай, Булуттай калкып барат. Билинбей кете берет, Таң атып, кеч киргенде. Кетсе да бизден алыс, Калабыз аны эстеп. Кайырма:
  • Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың, Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың? Канчалык сүйөрүмдү билесиңби, Айла жок мен сага эми кош айтамын. Кайырма: Мен эми кайгырбайм, Сени эстеп көзгө жаш албайм, Жүрөгүм ыйласа да, сен деп, Болду эми сагынбайм Мени издеп кайрылба, Кечиктиң эми садага, Сен кеттиң, эми сен сагынба. Бир кезде ээрчишкен махабатым элең, Түбөлүк жанымда, болом дечү элең. Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу, Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.
  • Бакыттын даамы сезилбей кетти Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү Сагындым жаным Кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың