Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен эми кайрылбайм»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың,
Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың?
Канчалык сүйөрүмдү билесиңби,
Айла жок мен сага эми кош айтамын.
Кайырма:
Мен эми кайгырбайм,
Сени эстеп көзгө жаш албайм,
Жүрөгүм ыйласа да, сен деп,
Болду эми сагынбайм
Мени издеп кайрылба,
Кечиктиң эми садага,
Сен кеттиң, эми сен сагынба.
Бир кезде ээрчишкен махабатым элең,
Түбөлүк жанымда, болом дечү элең.
Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу,
Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.

Другие песни исполнителя:

  • Супер гезит бул – “Супер Инфо”, Супер гезит менен алдыда бол. “Супер-Инфодон” гана табасың, «Супер» менен мезгилден калбайсың. Мезгил өтөт, заман өзгөрөт, Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк. Ошондо гана сен алдыда болосуң, Өз колуңда сен туура жолдосуң. Бизди танда биз сени тандайбыз Бирге, чогуу биз артта калбайбыз. Талантың барбы, өргө чабар өнөр, Анда эмне турасың? Биз менен бол. Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат, Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат. “Супер-Инфо” дайыма бол кабардар, Бизге кошул, мезгилден артта калба! Жымыңдаган жылдыздардай, Көктө жарыктардай. Сезилет го ал жомоктой, Тартылат сыйкыры бардай. “Мезгилден артта калба!” деп Бакыт тилеп, “Мекенди ыйык сакта” деп, Сатпагын деп. Кайырма: “Супер-Инфо” элим менен, Жерим менен, эскирбеген. “Супер-Инфо” кылымдарга, Өчпөс болот эскирбеген. Жолун улай бирге болот, «Супер» артта калбайт. Эмгектенет ал талыкпай, Адашпай жолун ал тандай. “Мезгилден артта калба!” деп, Бакыт тилеп. “Мекенди ыйык сакта” деп, Сатпагын деп.
  • Ыймандан дилиң тазарат, Ырлардан көңүл жашарат. Ыр менен жашап түбөлүк, Ырдалып бүтпөйт махабат. Арзуудан өмүр жашарат, Арзуудан жүрөк наз алат. Армандуу дүйнө кимде жок, Айтылып бүтпөйт махабат. Күндө өтүп турса сапар бат, Күлгүн жаш келбейт катарлап. Гүл азык болуп өмүргө, Гүл бойдон калат махабат.
  • Нөшөрлөп эжай бербей жамгыр төксө Жамгырдай толгон карек жашын сепсе Жүрөгүм жаш кесилип келээр бекен? Жанымдын кыйын алганын жаның сезсе Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Айта албай убакыттын эрте-кечин Сыялап сырлар жазам кагаз бетин Кетипсиң кайра келбес сапарыңа Калтырып махабаттын ыр-кесесин Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Конбоду чынарымдын бутагына Кыспадың койнуң толо кучагыңа Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң Карматып кыпкызыл чок бутагыңа Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын
  • Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын, Сени менен кол кармашып дайым. Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым, Сездим окшойт мен бакыттын даамын Кайырма: Эки жүрөк бирге болсочу, Экөөбүзгө бакыт консочу, Бекем болуп өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Эки жүрөк бирге болсочу, Оротобузга сүйүү орносун Кел жашоомду өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым Сени менен бир болойун жаным, Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары, Сага гана эркелейин дайым Кайырма:
  • Ала качып каректерди байкап байкап Таарынгандай кыр саласың алдап алдап Жүрөгүмдү оорутпачы кыйнап кыйнап Бир кучак гүл кармап ширин сөздөн тандап Көңүлүңдү алуу үчүн турам жандап Кайырма : Эй таарынганын жагат мага Тунук сезим жашайт анда Эркелесең уяң карап Сен мени байкап Жүрөгүм жүрөгүм жалгыз өзүң аруу тилегим Жүрөгүм жүрөгүм бакыт даамын сенден сеземин Жүрөгүм жүрөгүм билесиң го сени сүйөмүн Жүрөгүм жүрөгүм жалгыз сенсиң көркү дүйнөмдүн Өзүң барда канат кагам кенен кенен Өзгөрүлбөйм маанай ачык сени менен Жолуктурдум бакыт кушун сезимдерден Кыялым сен элең жанаштың мен менен Бир өтөлү сүзүп өтчү деңиздерден