Казахские песни Узбекские песни

Песня «Супер-Инфо»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Супер гезит бул – “Супер Инфо”,
Супер гезит менен алдыда бол.
“Супер-Инфодон” гана табасың,
«Супер» менен мезгилден калбайсың.
Мезгил өтөт, заман өзгөрөт,
Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк.
Ошондо гана сен алдыда болосуң,
Өз колуңда сен туура жолдосуң.
Бизди танда биз сени тандайбыз
Бирге, чогуу биз артта калбайбыз.
Талантың барбы, өргө чабар өнөр,
Анда эмне турасың? Биз менен бол.
Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат,
Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат.
“Супер-Инфо” дайыма бол кабардар,
Бизге кошул, мезгилден артта калба!
Жымыңдаган жылдыздардай,
Көктө жарыктардай.
Сезилет го ал жомоктой,
Тартылат сыйкыры бардай.
“Мезгилден артта калба!” деп
Бакыт тилеп,
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен, эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген.
Жолун улай бирге болот,
«Супер» артта калбайт.
Эмгектенет ал талыкпай,
Адашпай жолун ал тандай.
“Мезгилден артта калба!” деп,
Бакыт тилеп.
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.

Другие песни исполнителя:

  • Музыкам сен болдуң, Муз эрип жүрөктөгү. Муңумду таратып, Жылмайып күлөт пери. Эңсетип өзүңдү, Эмне эле күн өтпөдү? Ээлигип жай бербей, Жүрөгүм сүйөт сени. Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Көздөрүң балбылдап Көңүлдүн шам чырагы. Көзүңдүн жарыгын Башкалар мендей туябы? Күлгөнүң шыңгырап, Туптунук тоо булагы. Күмүштөй күлкүңдү Бөлөктөр мендей угабы? Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай.
  • Тагдырым экен таңдарды сенсиз атырдым, Унутамын деп көңүлдө жанган отумду. Жол карап күтүп жүргөндүрсүң сен ардагым, Жүрөгүңө тумардай жазып атымды. Жетейин десем жете албай, Жүргөн жазыгым. Сүйүүктүү элем периштедей ак элең, Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым. Толкуттуң мени эсиме түштүң термелип, Асылым менин кадырың билдим мен сенин. Кечирчи жаным кайрылбас кайра көктөмүм, Кечирчи мени жоготкон өмүр өрнөгү. Жетейин десем жете албай, Жүргөн жазыгым. Сүйүүктүү элем периштедей ак элең, , Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым. Аккууң элем, ак мөлүң элем, Ашыгым теңим, асылым менин. Кыялым менин, сураарым менин, Арманым, ардагым. Жетейин десем жете албай, Жүргөн жазыгым. Сүйүүктүү элем периштедей ак элең, Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым.
  • Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың, Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың? Канчалык сүйөрүмдү билесиңби, Айла жок мен сага эми кош айтамын. Кайырма: Мен эми кайгырбайм, Сени эстеп көзгө жаш албайм, Жүрөгүм ыйласа да, сен деп, Болду эми сагынбайм Мени издеп кайрылба, Кечиктиң эми садага, Сен кеттиң, эми сен сагынба. Бир кезде ээрчишкен махабатым элең, Түбөлүк жанымда, болом дечү элең. Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу, Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.
  • Жалындуу жаштык барында, Ойно дос, курбу кайгырба. Убакыт өтсө кайрылбайт, Жаштык кез сага, мага да. Студенттик гүл курак Эх, сонун жаш курак Сен кеттиң бизден алыстап кайда. Суранам кетпечи, кайрылып келсеңчи Алыстап сен бизден узаба. Кайырма: Студенттик кундөр керемет, Ал күндөргө эмне тең келет Баа жеткис баалуу күндөрүм Жамгырдай кеттиң себелеп Сүйүүнүн таза барагын, Студенттик кезде тапканмын Окуу деп, билимге чакырган, Эже-агайларым сагындым. Кайырма:
  • Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын, Сени менен кол кармашып дайым. Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым, Сездим окшойт мен бакыттын даамын Кайырма: Эки жүрөк бирге болсочу, Экөөбүзгө бакыт консочу, Бекем болуп өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Эки жүрөк бирге болсочу, Оротобузга сүйүү орносун Кел жашоомду өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым Сени менен бир болойун жаным, Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары, Сага гана эркелейин дайым Кайырма: