Казахские песни Узбекские песни

Песня «Менин да сүйүүм ушундай (New version)»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.

Менин да,
Менин да,
Менин да сүйүүм ушундай.
Сенин да,
Сенин да,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.

Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?

Менин да,
Менин да,
Менин да сүйүүм ушундай.
Сенин да,
Сенин да,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.

Менин да,
Менин да,
Менин да сүйүүм ушундай.
Сенин да,
Сенин да,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма:
  • Учурбай жаштык кезди, Убагында пайдалан. Өкүнүп сен калбайсың, Урматтап, ызааттасаң. Өтпөсүн, эй, жаштык кез, Кайгы, муң күндөр менен. Өмүрүң өтөт-кетет, Ойноп-күл чеги менен. Кайырма: Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштыктын таттуу кези. Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштык кезим. Жаштык кез сызып учат, Алыстан колун булгап. Артында изи калбай, Булуттай калкып барат. Билинбей кете берет, Таң атып, кеч киргенде. Кетсе да бизден алыс, Калабыз аны эстеп. Кайырма:
  • Түн сүйүүмдү сага болгон Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам Сүйүүмдү сен сезесиңби? Сага арнаган ак сүйүүнүн Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы Алда мени сезесиңби? Сага арнаган ак сүйүүнүн Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Сага арнаган ак сүйүүнүн Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Ха аай - хооой Айтчы гана, жообун айтчы Алоолонуп күйүп барам Анчалык көп назданбачы Ал ансайын сүйүп барам Келчи, гүлүм көп күтпөстөн Максатыма жетсем окшойт Күтө бербей Токтогулга Алып качып кетсем окшойт Сага арнаган ак сүйүүнүн Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби?
  • Адаштырып мени ар качан Азаптарга жаным салбасаң Өкүнүчтө калып сыздап калсамчы Өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн баарын сизге арнасам Карындаш кимди сүйөсүң ээй