Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жоопсуз сүйүү»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүмө жарык нур берген,
Ак сүйүүмдүн тазасы элең.
Махабатым бир сага арнап,
Сени сүйүп, сен деп жашап келгем.
Кайырма:
А бирок сен сезбедиң мени,
Сага болгон тунук сезимди.
Сага арналган сүйүүмдү сен,
Түшүнбөдүң, кантейин эми?
Жылдар жылып, убакыт өтөт,
А жүрөгүм бир сени күтөт.
Таалайыма жазганбы тагдыр?
Табышмактай чечилбей келет.
Кайырма:
Сагынычтан күн өтөт,
Сагынып жүрөк күтөт.
Сагынычтан сыздайт эт жүрөк.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Өмүрдөгү издеп тапканым, Өзүң менен ачык асманым. Ак жоолук салып, жубай болуп, Астанамды аттадың. Кайырма: Оорусам дарым, жашоомдо баарым, Таттырган бакыт даамын, Менин түбөлүктүү жарым. Апамдын күткөн келини сенсиң, Айдын нуруна теңсиң, Бир сени менен кут келсин. Көпчүлүктү сыйлап жүгүнгөн, Көшөгөнү көрккө бөлөгөн. Үйдүн ичине жарык чачкан, Татынакай затыңдан. Кайырма:
  • Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат, Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап. Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам, Ар жыл сайын, ай, уланат. Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр, Туулган күн шаңга бөлөнөт. Кайырма: Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Амандыкты тилейли, Ден соолукта жүргүн. Ачылсын ар дайым Жаштык өмүр гүлүң, Бактың, сүйүүң. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Ата-эне бир тууганга, Алтын башты ийгин. Жашоонун кадырын Узак жашап билгин, Ойноп-күлгүн. Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап, Жакындарың кымбат белек алып камданат. Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп, Куттук сөздөр, ай, арналат. Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген Эх, кандай сонун салтанат, эй. Кайырма:
  • Баргым келып турат Бий ааламга күнде кешке Сагынып калам Ол күндерим али эсте Ыргагым да диско Кече көркү биз го Жалында дечи элек Бирден кыз бир бала Бий бийлеп ламбада Унутпайм дечү элек Тан суумайтын махабаттын кеши Бийлеттик макро самый вечер Кайтып келмес гажайып жагдарды Сенде миндет сагынбайм демеши Сагыдым ауу Ал кезде тиджей эмес Ойночу эски «мафон» Итс май лайф мария Я махо, я ма соу. Диско ыргагы мен Дилимден бары мен Сагынам али мен Бир кыз бен бир бала Каз катар ыргала Бийлеген ламбада Ошондогу махабаттын кечи Бийге чакырат го самый вечер Сагындырып кайрылбасаң дагы Жаштыгым сен эсимден кетпечи Сен кетпечи.
  • Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө, Жамгырдай толгон карек жашын сепсе. Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен? Жанымдын кыйналганын жаның сезсе. Кайырма: Сезбеди сагынганым сенин жаның, Саргартып кан жүрөктү ажарладың. Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным, Жутпадым сен жыттанган, Жутпадым сен жыттанган, Сүйүү балын. Айта албай убакыттын эрте-кечин, Сыялап сырлар жазат кагаз бетин. Кетипсиң кайра келбес сапарыңа, Калтырып махабаттын ыр-кесесин. Кайырма: Конбодуң чынарымдын бутагына, Кыспадың койнуң толо кучагыңа. Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң, Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.
  • Жаз айы, жамгыр басылбай, Жаралуу жүрөк жазылбай. Аскадай булут баскан, Көңүлүм менин ачылбай. Жалганчы жаздын демиби? Азгырып сени кеттиби? Жамгырга мени таштап, Жалооруп карап койбой, Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби? Кайырма: Эх, жаным, кичинекей, Кайдасың, байчечекей? А мен чабалекей, А мен чабалекей, Учамын сени издей. Көргөнгө сени көзүм зар, Айтайын деген сөзүм бар. Сактаган жүрөгүмдө, Арнаган сага сүйүүм бар. Кантемин сенсиз өмүрдү, Жамгырлуу, муздак көңүлдү? Күнөөлөйм ушул жаздай, Бир көрүп сүйүп калган, Сен деген жаш жүрөгүмдү. Кайырма: Эх, жаным, кичинекей, Кайдасың, байчечекей? А мен чабалекей, А мен чабалекей, Учамын сени издей.