Казахские песни Узбекские песни

Песня «Чабалекей»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаз айы, жамгыр басылбай,
Жаралуу жүрөк жазылбай.
Аскадай булут баскан,
Көңүлүм менин ачылбай.
Жалганчы жаздын демиби?
Азгырып сени кеттиби?
Жамгырга мени таштап,
Жалооруп карап койбой,
Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби?
Кайырма:
Эх, жаным, кичинекей,
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей,
А мен чабалекей,
Учамын сени издей.
Көргөнгө сени көзүм зар,
Айтайын деген сөзүм бар.
Сактаган жүрөгүмдө,
Арнаган сага сүйүүм бар.
Кантемин сенсиз өмүрдү,
Жамгырлуу, муздак көңүлдү?
Күнөөлөйм ушул жаздай,
Бир көрүп сүйүп калган,
Сен деген жаш жүрөгүмдү.
Кайырма:
Эх, жаным, кичинекей,
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей,
А мен чабалекей,
Учамын сени издей.

Другие песни исполнителя:

  • Ай сулуу кыз аткан таңдай, Көңүл учту сага карай, Карайм карегимди албай… Тилегиңиз жанга дос бекен? Жүрөгүңүз али бош бекен? Кечиктимби мен ай, билемин кандай? Баатыр жигит болчу Абай, Сендейлерди көргөм далай. Анча, ашыкпаңыз андай… Жүрөк ээси болуу урмат го, Аны ачуу сизге кымбат го, Ачкычын да албай, Ачасыз кандай? Кайырма: Ачып алам, оңой жолу керек, Ашык адам тапкыч болуу керек. Максаттарын бийик коюу керек, Эки жүрөк бирдей согуу керек. Көзүңүздү жатка ыйгарбай, Өзүңүздү бекер кыйнабай. Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге! Кабагыңа конгон Күн-Ай, Карегиңе толгон чырай, Сени шүгүр берген Кудай. Сезимиңди арнап келсең ай, Эркелеген менин эркем ай. Бакытты далай, көрөлү ары карай. Эркелетип эчен курдай, Кылыгыма жүрсөң чыдай, Бактылуу боломун тынбай. Сен болосуң менин шерим ай, Мен болоюн сенин теңиң ай, Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай. Кайырма: Ары жагы биздин багыбыздан, Арылалы жалгыз жагыбыздан. Сагыналы ойлоп таңыбыздан, Табылалы дайым жаныбыздан. Көзүбүздү жатка ыйгарбай, Өзүбүздү бекер кыйнабай, Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
  • Сулуу келбети, Көздөрү — көлдүн бермети. Кылгырып караганың, Кымбатым, самаганым. Жымыңдаган көз карашың, Кыялдарга терметти. Оюмдан кетпеди неге, Жомокто ханыша беле? Сыйкыры арбады, Сыр болуп калганы, Жүрөктө кадалды жебе. Кайырма: Сезимди арнап беремин, Сездирбей, бирок келемин. Айта албайм, айта албайм, Айта албайм анын себебин. Ийилген белиң, билегиң, Имерип алды илебиң. Жүрөктү, жүрөктү, Жүрөктү неге эзесиң? Эсимден кетпейт элесиң, Эңсетип дайым келесиң. Күн болуп көрүнүп, Нуруна төгүлүп. Муздай тоңгон жүрөгүмө, Муза болуп бересиң. Карабай башканын баарын, Карады, жүрөктө жалын. Кылыктуу каш кагып, Сезимге баш багып, Сүйдүрүп алдыңбы, жаным? Кайырма:
  • Калкым жыйылып, жүрөк сүйүнүп, Кыргыз элим салтанаттуу тоюн баштады. Баары карашып, жоолук жарашып, Босогону жаңы жеңем аста аттады. Жүзү кут жанып, жаштар суктанып, Жүгүнгөндө жалпыга жарыгын чачат. Бир аз уялып, бир аз кубанып, Байкем менен ортодо жанашып басат. Кайырма: Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Таң эрте туруп, кызматын кылып, Таза сактап үй ичине бакыт сунасың. Көтөрүп чака, барсаң суу жакка, Кайнилериң жарыштырып ашык кыласың. Кайын журт баары, жашы да кары, Кызы сымал жактырып көрүшсө экен дейм. Колуңан дайым чай ичкен сайын, Келечекте сендей жар жолукса экен дейм. Кайырм: Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген.
  • Экөөбүз жолукчу жер, Көлдүн жээги, аба салкын ааай, Күндөгүдөн баскандарын, Бүгүн эртен, арбын арбын, ааай. Шашкансып толкундарды кечип өттүм, Кол сунуп, жолугарда ойго чөктүң, Ойумда эч нерсе жок ай кучактасам ааай, Башкага жар болдум деп, башкага жар болдум деп ыйлап өптүм. Махабат бооруң ташпы, Агыздың го көздөн жашты ааай, Бактымды кармай албай, Бул сүйүүдөн көңүл калды ааай. Тилеген ой бар эле дагы канча, Сөз бүтпөй сүйлөшө элек ай чыкканча ааай, Алтыным кош болгун деп, кете бердиң Көзүмдөн акты жашым, көзүмдөн акты жашым узаганча Кызарып күн жаныдан, Тоого кирип баткан эле ааай, Көл дагы коштошконсуп, Жээке сунуп чачкан эле ааай. Кааларым бакыт кошуп таабарыңды Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды. Тоого кирип баткан эле ааай, Көл дагы коштошконсуп, Жээке сунуп чачкан эле ааай. Кааларым бакыт кошуп таабарыңды Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды.