Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бололу бирге»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ай сулуу кыз аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай…
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай…
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?

Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.

Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Другие песни исполнителя:

  • Жазда келчү жазгы гүлдү, Сагынтып жүрөк дегдеп сүйүп. Туталанып уктай албай, Өткөрөмбү сенсиз жалгыз түндү. Кайырма: Эй жазгы гүл, Ой жазгы гүл, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып тагынамын. Балким сенда мурдагыдай, Келээрсиң мага жылдыз болуп. Ысык-Көлдүн ак-куусундай, Жүрөгүмө батпас сүйүү толуп.
  • Бакыттын багын аралап, Жүрөктөрдө сезим жаралат. Кубаныч коштоп өмүрүңдү, Ашыктык бакытты бере алат. Калкып учкан сымал асманда бийик Кыялымды сууруп. Керемет го чындыгында, Бир өмүр жүрсөң сүйүп. Кайырма: Ашык болуу, ашык болуу Жашоону оро жалын-нурга. Ашык болуу, жашып коюу, Сүйгөнүңө жолугууга. Сен баалай бил, Сен арнай бил, сезим жандаганда. Ашып болуу ачып берүү жүрөгүңдү бир адамга. Ашык болуу деген сыйкыр сезим эгер билсең, Канат байлап алып учат куса болуп жүрсөң. Жалгыздыкта калган кезде жүрөк сыздап турат, Сагындырат, жалындырат. Убагында сездим, ашыктыктын даамын, Сезим келер менен мага унуттум го баарын. Махабаттын өзүн бакыт десем, Ашык болуп жүрүү өзү бакыт экен. Махабат бакыт барагы, Ашык болуу жүрөк талабы. Себепкер болсо сүйүүбүз, Тагдырды бирге жазайлы. Тунук сүйүү барда жүрөктөр тоңбойт, Мерездик болбойт. Ашыктарды ар дайым, Жараткан өзү колдойт.
  • Ошол түндөн бери Оорудум эңсеп сени От болуп жанып жалындап..эээ Ооба, сыйкыр сыр бар Ок жеген марал сымал Оргуштап сезим балбылдап Майда-майда демиң сенин Магдыратып барат мени Өзүң билип неге сезбейсиң..? Бирде жанып, бирде тоңуп Махабаттан майып болдум Өчүң бардай неге эзесиң..? Кайдан жолуктурдум Кайгыга жолум бурдуң Кантейин эми, кантемин..? Тиктеп көздөрүңө Тизилген сөздөрүңө Тирүүлөй күйүп кетейин Майда-майда демиң сенин Магдыратып барат мени Өзүң билип неге сезбейсиң..? Бирде жанып, бирде тоңуп Махабаттан майып болдум Өчүң бардай неге эзесиң..? Майда-майда демиң сенин Магдыратып барат мени Өзүң билип неге сезбейсиң..? Бирде жанып, бирде тоңуп Махабаттан майып болдум Өчүң бардай неге эзесиң..? Майда-майда демиң сенин Магдыратып барат мени Өзүң билип неге сезбейсиң..? Бирде жанып, бирде тоңуп Махабаттан майып болдум Өчүң бардай неге эзесиң..?
  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт Кайырма: