Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаз гүлү»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жазда келчү жазгы гүлдү,
Сагынтып жүрөк дегдеп сүйүп.
Туталанып уктай албай,
Өткөрөмбү сенсиз жалгыз түндү.

Кайырма:

Эй жазгы гүл,
Ой жазгы гүл,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып тагынамын.

Балким сенда мурдагыдай,
Келээрсиң мага жылдыз болуп.
Ысык-Көлдүн ак-куусундай,
Жүрөгүмө батпас сүйүү толуп.

Другие песни исполнителя:

  • Учурбай жаштык кезди, Убагында пайдалан. Өкүнүп сен калбайсың, Урматтап, ызааттасаң. Өтпөсүн, эй, жаштык кез, Кайгы, муң күндөр менен. Өмүрүң өтөт-кетет, Ойноп-күл чеги менен. Кайырма: Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштыктын таттуу кези. Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштык кезим. Жаштык кез сызып учат, Алыстан колун булгап. Артында изи калбай, Булуттай калкып барат. Билинбей кете берет, Таң атып, кеч киргенде. Кетсе да бизден алыс, Калабыз аны эстеп. Кайырма:
  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
  • Жигитсиңби, бир сөзүңдөн танбагын, Кызыл гүлдү сабагынан кармагын. Көрүнгөнгө көрүнгөндөй сөз айтпай, Ошол кызга ак сүйүүңдү арна, арнагын. Кайырма: Аралаба топ кыздарды, Кыздын баркы кетпейби. Арасынан бирди сүйсөң, Ошол эле жетпейби. Асманда ай да сулуу, күн да сулуу. Ар бир адам өз-өзүнө айдай сулуу. Асманда жымыңдаган жылдыздардай, Сүйгөнүм ого бетер айдай сулуу. Кайырма: Аралаба топ гүлдөрдү, Гүлдүн баркы кетпейби. Арасынан бирди үзсөң, Ошол эле жетпейби.