Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алдаба»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жигитсиңби, бир сөзүңдөн танбагын,
Кызыл гүлдү сабагынан кармагын.
Көрүнгөнгө көрүнгөндөй сөз айтпай,
Ошол кызга ак сүйүүңдү арна, арнагын.
Кайырма:
Аралаба топ кыздарды,
Кыздын баркы кетпейби.
Арасынан бирди сүйсөң,
Ошол эле жетпейби.
Асманда ай да сулуу, күн да сулуу.
Ар бир адам өз-өзүнө айдай сулуу.
Асманда жымыңдаган жылдыздардай,
Сүйгөнүм ого бетер айдай сулуу.
Кайырма:
Аралаба топ гүлдөрдү,
Гүлдүн баркы кетпейби.
Арасынан бирди үзсөң,
Ошол эле жетпейби.

Другие песни исполнителя:

  • Мейли жүрөгүмдү оорутсаӊда сени жеӊдим, Теӊби таптым дедиӊ өз жашооӊдон орун бердиӊ. Сага ак сүйүүнүн эӊ тазасын арнап турам айттырбастан өзүӊ сездиӊ Өзүң бул жашоону сүйүш учун мага келдиң. Кайырма: Жалгыз ээси жүрөгүмдүн сен, Бүт маңызы бул өмүрдүн сен. Жалган болсо биздин бул жашоо Чындык болсун ак сүйүүбүз дейм. Сени бакыт берип буйруптур тагдырын мага Мени ороп турат алоолонгон сүйүү жана. Разы жүрөк разы менден барган махабаттын жарымын Сен мага арна Келет көргүм келет көздөрүңдү ар бир таңда Кайырма:
  • Күндүн нуру жүзүңөрдө Күндө куулуп турат Балдай ширин сөзүңөрдү Жаным сүйүп угат Эркелеген кылыгына Эстен алып баарат Эхх сулуулар жаныңардан Жаным күйүп жанат Дайым жанасынар Дайым сулуусуңар Сүйөт сүйөт басканың Жигиттердин бүт баары Кыргызымдын кыздары Жүрөктөрү дары Майда майда басканындар Кагышы жүрөктүн Сагындырып аласыңар Суусундай мүрөктүн Көргүм келип өзүңөрдү Алып учат жаным Ээх сулуулар багыбызга Бар болгула дайым
  • Сөзү: Нурлан Насиптики Обону : Нурлан Насиптики Бийик, бийик зоолордо, Ак мөңгүлүү тоолордо, Ата-бабам, элим жашаган. Байыртадан элим, Кылымдарга өчпөй, Ата Мекен көчүн улаган. Көк тиреген тоосу, Мелтиреген суусу, Көп адамдын көзүн арттырган. Кайырма: Берекелүү, ыйык Мекеним, Ата Мекеним, кыргыз жерим. Ак калпактуу кыргыз элим, Алгалай бер, кыргыз элим! Ата Мекеним! Душмандардан сактап, Урпактарга улап, Манас ата бизди коргогон. Үч буроосун бурап, Колго комуз ойноп, Ата-бабам мурас калтырган. Көз арттырган жерим, Көз тийбесин сага, Көкөлөп өсө бер алдыга! Кайырма:
  • Адаштырып мени ар качан Азаптарга жаным салбасаң Өкүнүчтө калып сыздап калсамчы Өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн баарын сизге арнасам Карындаш кимди сүйөсүң ээй
  • Сөзү : Бактияр ТокторовдукуОбону : Бактияр Токторовдуку Элесиң көз алдымда, Гитара үнүн уксам. Унутам бир азга мен, Нотасын ырдын жазсам. Унутам бир азга мен Ал күндү эске тутсам Кайырма: Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой, Ак бийге түшкөн элек,Ак көйнөк кийген бийкеч, Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп, Келсе деп ошол майрам Бакыт күн биз жолуккан Байкабай калыптырмын Жүрөктү жаралапсыз Сурабай калыптырмын Аты жок калыптырсыз Ак көйнөк бийкеч болуп Аты жок калыптырсыз Кайырма: Ырдаймын ушул кечте Жетер деп сүйүүм сизге Көрсөңүз эгер мени Качпаңыз алыс жерге Уксаңыз эгер мени Бололу бир аз бирге Кайырма: