Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызстан»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сөзү: Нурлан Насиптики

Обону : Нурлан Насиптики

Бийик, бийик зоолордо,
Ак мөңгүлүү тоолордо,
Ата-бабам, элим жашаган.
Байыртадан элим,
Кылымдарга өчпөй,
Ата Мекен көчүн улаган.
Көк тиреген тоосу,
Мелтиреген суусу,
Көп адамдын көзүн арттырган.

Кайырма:
Берекелүү, ыйык Мекеним,
Ата Мекеним, кыргыз жерим.
Ак калпактуу кыргыз элим,
Алгалай бер, кыргыз элим!
Ата Мекеним!

Душмандардан сактап,
Урпактарга улап,
Манас ата бизди коргогон.
Үч буроосун бурап,
Колго комуз ойноп,
Ата-бабам мурас калтырган.
Көз арттырган жерим,
Көз тийбесин сага,
Көкөлөп өсө бер алдыга!

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кичинекей менин жүрөгүм, Көксөп күткөн анык тилегим. Жыттап тойбойм, эркем жытыңа, Ак жүзүңдөн күндө сүйөмүн. Жаным бөбөгүм, сени өбөйүн. Бардыгынан билсең, артык көрөмүн. Кайырма: Атасынын данеги, сен кызым, Апасынын кареги, сен кызым. Балбылдаган көздөрүңдөн, Бакыт көрдүм, бүт ааламга тең кызым. Өскөнүңдө гүлдөй ачылып, Көрүү үчүн келем шашылып. «Атакелеп» тоссоң алдыман, Чарчаганым калат жазылып. Асыл бөбөгүм, кызым жөлөгүм, Үйүбүздү чон бакытка бөлөдүң. Кайырма:
  • Улуттун айырмасын тилден алган Тилибиз бабалардан мурас калган Өз өлкөм өз тилим болгон үчүн Кыргызым жашап келет байыртадан Эне тил ар бир жандын дили болот Эне тил жүрөгүңдүн үнү болот Билбеген эне тилин маңкурт делип Эл алдына чыга албаган сүрү болот Кайырма: Өз тилиң кыргыз бурба Бөлөк тилде маек курба ээй Эне тилин чаңгандарды Намыс барбы карап турба ээй Биз кыргыздар кыргызча сүйлөшөлү Эне тилин билбегендерди сүрдөтөлү Кылымдарды карыткан ээй тилибизди Башкага да кызыктырып үйрөтөлү Кел кыргызым кыргызча сүйлөшөлү Миң жылдык жолуду улап жашап келген Сөздөрүм асылдардын тилин берген Кыргыздын чоң байлыгы эне тили Кылымдар карыса да кемибеген Байлыгы сөз мааниси чектелбеген Алты миң жашап келет эзелтеден Манасты берген дилим адам затка Кыргызга сыймыктанчуу демди берген
  • Мен жалгыз, жалгыз, сезимдер алсыз, Сагынуудан башка таппаймын айла, Жолуккан күндөр, жомоктой түндөр Кайда, кайда? Кайырма: Мейли, мейли жүрөгүмдү жылытпай, Мейли, мейли учуп кетсең булуттай. Бийик коюп сүйүүнү намысымдан, Бир өзүңдү сүйөмүн унутпай. Эңсетип жанды, эсиңде барбы, Эгиздердей чогу тосчубуз таңды. Тунук махабат, жүрөк жаралап, Кайда калды? Кайырма:
  • Тагдыр жазганын билдим, түшүндүм, Сен деп жаңылып, эми өкүндүм. Жалган көздөрүң арман коштогон, Муздап жүрөгүм, жалын кошпогон. Кайырма: Мен сагына берем, сагынып келем, Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм, Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм? Сен деп жашагам өмүрдү өткөн, Жол карап дайым озунуп күткөм. Эми кайдасың, аттиң, арман?! Ким менен кеттиң, жашынып жалган? Кайырма: Мен сагына берем, сагынып келем, Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм, Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?
  • Музыкам сен болдуң, Муз эрип жүрөктөгү. Муңумду таратып, Жылмайып күлөт пери. Эңсетип өзүңдү, Эмне эле күн өтпөдү? Ээлигип жай бербей, Жүрөгүм сүйөт сени. Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Көздөрүң балбылдап Көңүлдүн шам чырагы. Көзүңдүн жарыгын Башкалар мендей туябы? Күлгөнүң шыңгырап, Туптунук тоо булагы. Күмүштөй күлкүңдү Бөлөктөр мендей угабы? Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Менин да, Менин да, Менин да сүйүүм ушундай. Сенин да, Сенин да, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай.