Казахские песни Узбекские песни

Песня «Унуталбайм (Remix)»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы Обону : Эдил Маматовдуку Сөздөрүм ырларымда угуп кой, Жетинип айта албаган Келечек күнгө болбо сен тоскоол, Өткөнгө кайтып бара албайм. Алгачкы махабатты берген деп Өзүңдү эч жашыра албайм. Ашыктар болгонбуз биз ээрчишкен, Ал күндөр эми кайтпаган. Кайырма: Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө, Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө. Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө, Мени унут, убакыт дары күндөргө. Сезимдер сага деген муздады, Көңүлүм жүрөт тартпай. Мендеги жашаган сүйүү бүттү, Эми кайра ал жаралбайт Жүрөктө жылуулук калды өчүп, Сагынбай калдым сагынбай. Себебин билесиң ичтен туюп Ал күндөр кетти, кайрылбай. Кайырма:
  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактынар Балдай таттуу суйуу таптынар Конул кушу бири бирин жактырып Кош ак-куудай канат кактынар Тагдыр буйрук ушу куну баш кошуп Той откоруп турган чагынар Келиздер дебей сыйга чакырып Конокторго эшик ачтынар Жар болгула ата-энени сыйлаган Жалпы журттан урмат жыйнаган Жашоонорго ынтымакты каалайбыз Жан болгула суйуп кыйбаган Журогунор махабат деп кагылсын Жузунордон бакыт жагылсын Куда болуп эки тарап достошуп Кубанычтар толкуп агылсын Куттуктайлы эки жашты чин дилден Коломтонор очпой жагылсын Аксакалдардын батасы тийип Алдей уну уйдо жанырсын Жар болгула ата-энени сыйлаган Жалпы журттан урмат жыйнаган Жашоонорго ынтымакты каалайбыз Жан болгула суйуп кыйбаган
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт Кайырма:
  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Мен, мен сени сүйөмүн, Мен, мен сени сүйөмүн. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Көпөлөгүм.
  • Сен ак куусуң канатчан, Сермеп учуп бараткан. Ишенимдин ачкычы, Издейм бардык тараптан. Сүрдөп кетем чыны бат, Сүйүүм айтам шыбырап, Жылмайгандай сезимге, Жылдыз толот жыбырап. Кайырма: Сыйкырчы жандайсың, Сыноолоруң улам, улам камдайсың. Калп эле назданып, Кайра-кайра кыйнагандан талбайсың, Кыялкеч жандайсың, Кытыгылап көңүлүмдү арбайсың, Өзгөчө сүйсөң да, Өзүңдү өзүң эмнегедир алдайсың. Мен бир жигит ашыккан, Махабатка машыккан Макул десең мойнуңа, Мончок тагам бакыттан. Көзүң мезгил жазындай, Көрсөм черим жазылбай. Жактырганың чын болсо, Жакын келчи жашынбай.