Казахские песни Узбекские песни

Песня «Копологум»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.

Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.

Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.

Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.

Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.

Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.

Мен, мен сени сүйөмүн,
Мен, мен сени сүйөмүн.

Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.
Көпөлөгүм.

Другие песни исполнителя:

  • Он жыл бою чогу окуп Болгонбуз бир тууган Ойлогондо жүрөгүмө дайыма келет шаң Биздин мектеп Биздин класс чакырат алыстан Ойноп күлгөн балалыкты Эстебейт кандай жан Кайырма: Мен саагындым, Мен саагындым Мектебим үйүмдү Эжей агай сиздерсиз Кусалык билемин Кайдасын Парталаш классташ досторум Арнайын ыр менен силерге сүйүүмдү Жашыл тартып Өскөн чыгар биз тиккен багыбыз Кат жазышып Кат алышкан Кыялкеч жарыбыз Сыйласак дейм Мурункудай жыйналып баарыбыз Азыр кайда Алгач сүйүү ак бантик сарыгы Кайырма:
  • Сулуу келбети, Көздөрү — көлдүн бермети. Кылгырып караганың, Кымбатым, самаганым. Жымыңдаган көз карашың, Кыялдарга терметти. Оюмдан кетпеди неге, Жомокто ханыша беле? Сыйкыры арбады, Сыр болуп калганы, Жүрөктө кадалды жебе. Кайырма: Сезимди арнап беремин, Сездирбей, бирок келемин. Айта албайм, айта албайм, Айта албайм анын себебин. Ийилген белиң, билегиң, Имерип алды илебиң. Жүрөктү, жүрөктү, Жүрөктү неге эзесиң? Эсимден кетпейт элесиң, Эңсетип дайым келесиң. Күн болуп көрүнүп, Нуруна төгүлүп. Муздай тоңгон жүрөгүмө, Муза болуп бересиң. Карабай башканын баарын, Карады, жүрөктө жалын. Кылыктуу каш кагып, Сезимге баш багып, Сүйдүрүп алдыңбы, жаным? Кайырма:
  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактынар Балдай таттуу суйуу таптынар Конул кушу бири бирин жактырып Кош ак-куудай канат кактынар Тагдыр буйрук ушу куну баш кошуп Той откоруп турган чагынар Келиздер дебей сыйга чакырып Конокторго эшик ачтынар Жар болгула ата-энени сыйлаган Жалпы журттан урмат жыйнаган Жашоонорго ынтымакты каалайбыз Жан болгула суйуп кыйбаган Журогунор махабат деп кагылсын Жузунордон бакыт жагылсын Куда болуп эки тарап достошуп Кубанычтар толкуп агылсын Куттуктайлы эки жашты чин дилден Коломтонор очпой жагылсын Аксакалдардын батасы тийип Алдей уну уйдо жанырсын Жар болгула ата-энени сыйлаган Жалпы журттан урмат жыйнаган Жашоонорго ынтымакты каалайбыз Жан болгула суйуп кыйбаган
  • Суудай тунук, Сезимимди туйбадың. Сага жанган, Сүйүүмдү сен неге булгадың? Батып кайгыга, Турам азыр да. Соолуп гүлдөй сенин жаныңда. Кайырма: Эми мени кыйнаба, Жалган айтып жагынба. Баары бүттү, баары кеч, Ишенбейм сага! Сенин жалган, Сөздөрүңө алдангам. Жан дүйнөм, Жараланып, сыздап, кыйналган. Кайрылбайм артка, Сени сагынсам да. Болду, ишене албайм бир сага. Кайырма:
  • Нөшөрлөп эжай бербей жамгыр төксө Жамгырдай толгон карек жашын сепсе Жүрөгүм жаш кесилип келээр бекен? Жанымдын кыйын алганын жаның сезсе Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Айта албай убакыттын эрте-кечин Сыялап сырлар жазам кагаз бетин Кетипсиң кайра келбес сапарыңа Калтырып махабаттын ыр-кесесин Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Конбоду чынарымдын бутагына Кыспадың койнуң толо кучагыңа Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң Карматып кыпкызыл чок бутагыңа Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын