Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айта албайм»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сулуу келбети,
Көздөрү — көлдүн бермети.
Кылгырып караганың,
Кымбатым, самаганым.
Жымыңдаган көз карашың,
Кыялдарга терметти.
Оюмдан кетпеди неге,
Жомокто ханыша беле?
Сыйкыры арбады,
Сыр болуп калганы,
Жүрөктө кадалды жебе.
Кайырма:
Сезимди арнап беремин,
Сездирбей, бирок келемин.
Айта албайм, айта албайм,
Айта албайм анын себебин.
Ийилген белиң, билегиң,
Имерип алды илебиң.
Жүрөктү, жүрөктү,
Жүрөктү неге эзесиң?
Эсимден кетпейт элесиң,
Эңсетип дайым келесиң.
Күн болуп көрүнүп,
Нуруна төгүлүп.
Муздай тоңгон жүрөгүмө,
Муза болуп бересиң.
Карабай башканын баарын,
Карады, жүрөктө жалын.
Кылыктуу каш кагып,
Сезимге баш багып,
Сүйдүрүп алдыңбы, жаным?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
  • Мен жалгыз, жалгыз, сезимдер алсыз, Сагынуудан башка таппаймын айла, Жолуккан күндөр, жомоктой түндөр Кайда, кайда? Кайырма: Мейли, мейли жүрөгүмдү жылытпай, Мейли, мейли учуп кетсең булуттай. Бийик коюп сүйүүнү намысымдан, Бир өзүңдү сүйөмүн унутпай. Эңсетип жанды, эсиңде барбы, Эгиздердей чогу тосчубуз таңды. Тунук махабат, жүрөк жаралап, Кайда калды? Кайырма:
  • Жазда келчү жазгы гүлдү, Сагынтып жүрөк дегдеп сүйүп. Туталанып уктай албай, Өткөрөмбү сенсиз жалгыз түндү. Кайырма: Эй жазгы гүл, Ой жазгы гүл, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып тагынамын. Балким сенда мурдагыдай, Келээрсиң мага жылдыз болуп. Ысык-Көлдүн ак-куусундай, Жүрөгүмө батпас сүйүү толуп.
  • Гүлдөй буралып, бастың жанымда, Кыт-кыт күлүп карап, өттүң назданып. Арзуум от болуп, жан дүйнөм чок болуп, Калгансыды жүрөк сүйүүгө мас болуп. Кайырма: Эркелетсемби, кара көз, сени, Суктанып мен карап, эзилеминби? Эркелетейин, келчи, шириним, Кучагыма кысып, эркелетейин. Күндөй жаркып сен, чыктың таң ата, Көзгө сүйкүм болуп, күнгө жанаша. Кандай сүйкүмдүү, сенин элесиң?! Көңүлүмдү буруп, эркелетейин. Кайырма:
  • Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, Жезде дечүң мени жалгыз сен эле. Бара-бара эркелигиң жоголуп, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Тез эле… Кайырма: Балдыз, балдыз, неге жалгыз, Ыйлайсың сен күн алыс? Тандап терген, белестерден, Сага жездең гүл карыз. Эстейм, аттиң, баары күндөй кеч эле, «Сүйүү эмне?» деп сураганың эсимде. Сүйүнчүлөп тыя албастан күлкүңдү, Кадам койдуң сен, секелек, Кадам койдуң сен, секелек, Сезимге… Кайырма: Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, «Кел, жезде» деп чай сунганың эсимде. Эми сен да төктүң сүйүү көз жашын, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Тез эле… Кайырма: