Казахские песни Узбекские песни

Песня «Балдыз»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен келгенде эстен кетпейт эч эле,
Жезде дечүң мени жалгыз сен эле.
Бара-бара эркелигиң жоголуп,
Бой жетилип, сен чоңойдуң,
Бой жетилип, сен чоңойдуң,
Тез эле…
Кайырма:
Балдыз, балдыз, неге жалгыз,
Ыйлайсың сен күн алыс?
Тандап терген, белестерден,
Сага жездең гүл карыз.
Эстейм, аттиң, баары күндөй кеч эле,
«Сүйүү эмне?» деп сураганың эсимде.
Сүйүнчүлөп тыя албастан күлкүңдү,
Кадам койдуң сен, секелек,
Кадам койдуң сен, секелек,
Сезимге…
Кайырма:
Мен келгенде эстен кетпейт эч эле,
«Кел, жезде» деп чай сунганың эсимде.
Эми сен да төктүң сүйүү көз жашын,
Мезгил, чиркин, өтөт тура,
Мезгил, чиркин, өтөт тура,
Тез эле…
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • I куплет Ынтымак менен, ырыс күнүбүз келгендей. Биримдик менен, кыйын учурду жеңгендей. Сыноодон өтөбүз, жеңишке жетебиз, Өмүрдө жанып бир келген эй. Жашайбыз ал үчүн, Жакшы күн бар үчүн, Биз дейбиз эми жекеленбей. Кайырма: Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болсун элим, Журок сен деп согуп турат Бар болгун Элим! II куплет Баары алдыда, Жаңыртып күлкү, ырларын. Жаштар жабыла, Элимдин курайт жыргалын. Биликтей күйүшкөн, Отко даап киришкен, Заманың билди кыз-уулдарын. Жүрөктөн сүйүп сен, Алдыга үмүттөн, Жашагын, жаша утулбагын. Кайырма: Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болсун элим! Журок сен деп согуп турат Керек эсенин. Тарыхтан улгу алып келечекке багыт сал, Алыска умтулалы, кутот бизди жарыктар. Ала тоодой бек бололу, Элибизге чеп бололу! Баарыбыз тен биримдикте Улуу тек бололу Кымындай болунбой, Ынтымакка келип биз, Созсуз коздогонго жетебиз. Кыргызым эч качан Сыноодон женилбе, Кутуудо алдыда Керемет келечек. Сыноодон отобуз, Женишке жетебиз. Омурдо жанып бир келген эй Жашайбыз ал учун Жакшы кун бар учун Биз дейбиз эми жекеленбей Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болгун элим! Журок сен деп согуп турат Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап. Элим, бар болсун элим! Кубанычтын жолун курап. Элим, бар болсун элим! Журок сен деп согуп турат Бар болгун элим! Бар болгун элим!
  • Бакыттын даамы сезилбей кетти Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү Сагындым жаным Кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың
  • Омур ай Учасын дайым зымырктай Конул ай жанашат сага канаттуудай Кундорун отсо ай жылга Отконду эстеп кайгырба Бата албай калсам бир куну Келечек алдыда Кайырма Ойно жаштык барында Гулдоп турган чакында Жаштыгын калса колбулгап Тагдырга таарынба Жаштык ай Журокто жалын жараткандай Аздык ай Омур тойбой адамзат ай Отконду эске салгыдай Жашайлы бугун кайгырбай Кыялдан конул айрыбай Жылдызын жангыдай
  • Гүл болуп ачылайын, сага карайын, Сезимди барктай алсаң сүйүүм арнайын. Ак куудай апакайым, бир сени тандаймын, Кол кармашып түбөлүк жүргөндү самаймын. Кайырма: Жүрөк толкуп турат, сенден үмүт кылат, Балкып кетип мээримге кайра сүйүү сунат. Айга-күнгө теңеп, көкөлөткүм келет. Махабатты туу тутсак, бизге бакыт берет. Ак куудай бирге болсок сүйүү ак болот, Көңүлдөр болуп куунак, башка бак конот. Жылуу сөз айтсаң мага жүрөгүм козголот. Келечек чачып нурун, кыялдар ойгонот. Кайырма: Жүрөктө сүйүү болсо, кубанып жүзүң жанат, Сезимиң тунук болсо, махабат гүлүн ачат. Кош жүрөк бирге болсо, бакыттын балын татат, Жалгыздык кош айтышса, жакшылык жалын чачат. Кайырма:
  • Сөзү: Нурлан Насиптики Обону : Нурлан Насиптики Бийик, бийик зоолордо, Ак мөңгүлүү тоолордо, Ата-бабам, элим жашаган. Байыртадан элим, Кылымдарга өчпөй, Ата Мекен көчүн улаган. Көк тиреген тоосу, Мелтиреген суусу, Көп адамдын көзүн арттырган. Кайырма: Берекелүү, ыйык Мекеним, Ата Мекеним, кыргыз жерим. Ак калпактуу кыргыз элим, Алгалай бер, кыргыз элим! Ата Мекеним! Душмандардан сактап, Урпактарга улап, Манас ата бизди коргогон. Үч буроосун бурап, Колго комуз ойноп, Ата-бабам мурас калтырган. Көз арттырган жерим, Көз тийбесин сага, Көкөлөп өсө бер алдыга! Кайырма: