Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алдайсың»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен ак куусуң канатчан,
Сермеп учуп бараткан.
Ишенимдин ачкычы,
Издейм бардык тараптан.
Сүрдөп кетем чыны бат,
Сүйүүм айтам шыбырап,
Жылмайгандай сезимге,
Жылдыз толот жыбырап.

Кайырма:
Сыйкырчы жандайсың,
Сыноолоруң улам, улам камдайсың.
Калп эле назданып,
Кайра-кайра кыйнагандан талбайсың,
Кыялкеч жандайсың,
Кытыгылап көңүлүмдү арбайсың,
Өзгөчө сүйсөң да,
Өзүңдү өзүң эмнегедир алдайсың.

Мен бир жигит ашыккан,
Махабатка машыккан
Макул десең мойнуңа,
Мончок тагам бакыттан.
Көзүң мезгил жазындай,
Көрсөм черим жазылбай.
Жактырганың чын болсо,
Жакын келчи жашынбай.

Другие песни исполнителя:

  • Оо ата — энем аска зоом тирегим, Силер менин бул жашоодо зирегим. Дайым мага айткан сөзүң эсимде, Эң биринчи тийсин элге керегиң. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин. Оо ата — энем жан кубатым медерим, Силерсиңер желбиреген желегим. Көзүм ачтың, коштуң адам санына, Силер барда мен максатка жетемин. Кайырма: Оо ата — энем теңдеши жок устатым, Тарбияга тактап мени тынбадың. Эми менин эң биринчи милдетим, Эл алдында урматтаймын, сыйлаймын. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин Эл алдында урматтаймын сыйлаймын.
  • Ала качып каректерди байкап байкап Таарынгандай кыр саласың алдап алдап Жүрөгүмдү оорутпачы кыйнап кыйнап Бир кучак гүл кармап ширин сөздөн тандап Көңүлүңдү алуу үчүн турам жандап Кайырма : Эй таарынганын жагат мага Тунук сезим жашайт анда Эркелесең уяң карап Сен мени байкап Жүрөгүм жүрөгүм жалгыз өзүң аруу тилегим Жүрөгүм жүрөгүм бакыт даамын сенден сеземин Жүрөгүм жүрөгүм билесиң го сени сүйөмүн Жүрөгүм жүрөгүм жалгыз сенсиң көркү дүйнөмдүн Өзүң барда канат кагам кенен кенен Өзгөрүлбөйм маанай ачык сени менен Жолуктурдум бакыт кушун сезимдерден Кыялым сен элең жанаштың мен менен Бир өтөлү сүзүп өтчү деңиздерден
  • Капысынан сени көрүп калдым Карегиме сүйүү отун салдың Ооооооооо Стамбулдун сулуу кызылына Кантип эле мени арбап алдың Ооооооооо Не кадер не кадер сени севиорум Сана сана ашкым калбим бир ойрум Гүлүм сенсиң Лейла Гүлүм сенсиң Лейла Сүйүүм сенсиң Лейла Сендей сулуу кайда Деңиздин жээгинде бастык Сен менен жайнады жаштык Жок жок жок гозаль кыз Көздөрү гозаль кыз Жүрөктү ээлеп алдыңыз Не кадер не кадер сени севиорум Сана сана ашкым калбим бир ойрум Гүлүм сенсиң Лейла Гүлүм сенсиң Лейла Сүйүүм сенсиң Лейла Сендей сулуу кайда
  • Бакыттын кучагында, Жүргөнбүз ал убакта, Таштадың сен жалгыздыкка. Түн калып кучагыма, Түшүпмүн тузагыңа, Көңүлүм сени сагына. Жалгызмын сени самап, Жан дүйнөмдө сендик дарт, Ашыгып, жалгызым, сага. Кайырма: Сагынам жүрөгүм туйлап, Санааркап мен сенсиз ыйлап. Сагынам сени ойлоп, Көңүлсүз жалгыздыктан. Элестеп жалгыз дарак, Жүрөгүм сени самап, Күдөрүм үзбөй жол карап. Уйкусуз узун түндөр, Көңүлсүз окшош күндөр, Бир келчи, бактылуу күндөр. Көңүлүм сени самап, Үмүтүм өчпөй жанат, Жан дүйнөм сени сагынат. Кайырма: Бакыттын кучагында, Жүргөнбүз ал убакта, Таштадың сен жалгыздыкка. Түн калып кучагыма, Түшүпмүн тузагыңа, Көңүлүм сени сагына. Көңүлүм сени самап, Үмүтүм өчпөй жанат, Жан дүйнөм сени сагынат.
  • Түндө түш көрдүм,апам жанымда, Ысык нан сунат и-ий,менин колума. Ойгонсом түшүм,сыздады жүрөк, Бат эле өттү и-ий бактулуу мүнөт. Припев: Жолун тосуп жөнөйүн,Токтогул жериме Ашуу ашып барайын,айылым,элиме Бала болуп көчөмдө,кайрадан чуркайын Узун акма суусунан,тамшанып урттайын Көздөн жаш тамып,жаздыгым нымдап Уктабай жаттым и-ий жүрөктү тындап Биз өскөн чон там,көзүмдөн учуп Сагыныптырмын и-ий айылды чындап