Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кусалык»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакыттын кучагында,
Жүргөнбүз ал убакта,
Таштадың сен жалгыздыкка.
Түн калып кучагыма,
Түшүпмүн тузагыңа,
Көңүлүм сени сагына.

Жалгызмын сени самап,
Жан дүйнөмдө сендик дарт,
Ашыгып, жалгызым, сага.

Кайырма:
Сагынам жүрөгүм туйлап,
Санааркап мен сенсиз ыйлап.
Сагынам сени ойлоп,
Көңүлсүз жалгыздыктан.

Элестеп жалгыз дарак,
Жүрөгүм сени самап,
Күдөрүм үзбөй жол карап.

Уйкусуз узун түндөр,
Көңүлсүз окшош күндөр,
Бир келчи, бактылуу күндөр.

Көңүлүм сени самап,
Үмүтүм өчпөй жанат,
Жан дүйнөм сени сагынат.
Кайырма:

Бакыттын кучагында,
Жүргөнбүз ал убакта,
Таштадың сен жалгыздыкка.

Түн калып кучагыма,
Түшүпмүн тузагыңа,
Көңүлүм сени сагына.

Көңүлүм сени самап,
Үмүтүм өчпөй жанат,
Жан дүйнөм сени сагынат.

Другие песни исполнителя:

  • Эх, карындаш, мени мынча кыйнадың? Маяк берип, күнү-түнү тынбадың. СМСтен сен сүйүүңдү мага арнап, Чынбы-калппы түрдүү ырды жазасың. Көргүм келет мен да сенин жамалың, Телефон чалсам, кылыктанып, албайсың. Табышмакты бекем катып сен мага, Тартынасың, неге жообун айтпайсың? Кайырма: Эх, карындаш, сырыңды сен катпа, Маяк кылып ойго мени салба. Эгер оюң мендик гана болсо, Уяңсырап, кездешүүдөн качпа. А, балким, сен мен жөнүндө биринчи, Теле-радио, гезиттерден угуп, окуйсуң. Кыялданып, ойго батып өзүнчө, СМСтен ырларыңды мага жолдойсуң. Сага жаздым мен да ушул ырымды, Ыр түрүндө айттым сага сырымды. Маяк бербей, телефондон түз сүйлөш, Эх, маякчы карындашым, кылыктуу. Кайырма:
  • Учурбай жаштык кезди, Убагында пайдалан. Өкүнүп сен калбайсың, Урматтап, ызааттасаң. Өтпөсүн, эй, жаштык кез, Кайгы, муң күндөр менен. Өмүрүң өтөт-кетет, Ойноп-күл чеги менен. Кайырма: Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштыктын таттуу кези. Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштык кезим. Жаштык кез сызып учат, Алыстан колун булгап. Артында изи калбай, Булуттай калкып барат. Билинбей кете берет, Таң атып, кеч киргенде. Кетсе да бизден алыс, Калабыз аны эстеп. Кайырма:
  • Кыска этек киесиң, Кылыктуу жылмайып жүрөсүң. Кыйналып ичимден, Кызганып жатканым билесиң. Сымбатың менен сыйкырлап мени, Санаага ойду чырмап салдың. Жашоомо бакыт тартуулап анан, Жүрөктү аста уурдап алдың. Кайырма: Саамайыңа күндү илейин, Сен да мага көңүл бурчу! Махабатым билдирейин, Токтой турчу! Сезимимди океандай, Сен да туюп кабыл алчы. Эзе бербей өчүң бардай, Аясаңчы! Көзүңдү боёйсуң, Көңүлдү азгырып коёсуң. Кокустан кез келсек, Көрсөң да, көрмөксөн болосуң. Жамалың менен жадырап карап, Жанымды торго илип алдың. Жомокто сулуу периште сымал, Жүрөккө аста кирип алдың.
  • Заманыбыз бузулгандай туюлат. Жаштар жүрөт көчө тентип аралап. Кыргыз элим намыскөйлүү калк келген, Таштагыла, жакшы жолго алып барбайт. Кыйын кезде кырылбаган кыргызым, Башын ийип чөгөлөбөй көп кылым, Алдырбастан эч бир жанга намысты, Сактап келген Ата Мекен кыргызым. Кайырма: Байлык, бийлик азгырат го жолуңдан, Кыргыз элим, адашпагын жолуңдан. Ынтымактуу болуп элим жашайлы, Заманыма ыйман бергин, Жараткан. Жараткандан жалыналы, сурайлы, Элибизге берсин тынчтык, ыйманды. Бирибизди тонобойлу, кыргызым, Ортобузда ынтымак, күч орносун. Байлык десе адашабыз түз жолдон, Пулун берип чоң жумушка орношкон. Жок болсо дейм ошондойлор арадан, Оңолот го кыргыз элим, оо, качан? Кыргыз деген атыбыз эч өчпөсүн, Кылымдарга жаша, эрип чөкпөгүн. Ата Мекен жалгыз бирөө, экөө эмес, Ырыскыңды, кыргыз элим, төкпөгүн. Кайырма: