Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаштык кез»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Учурбай жаштык кезди,
Убагында пайдалан.
Өкүнүп сен калбайсың,
Урматтап, ызааттасаң.
Өтпөсүн, эй, жаштык кез,
Кайгы, муң күндөр менен.
Өмүрүң өтөт-кетет,
Ойноп-күл чеги менен.
Кайырма:
Жалындап жаштык деми,
Жашоомдун шаңдуу кези.
Кайрылып кайра келбейт,
Жаштыктын таттуу кези.
Жалындап жаштык деми,
Жашоомдун шаңдуу кези.
Кайрылып кайра келбейт,
Жаштык кезим.
Жаштык кез сызып учат,
Алыстан колун булгап.
Артында изи калбай,
Булуттай калкып барат.
Билинбей кете берет,
Таң атып, кеч киргенде.
Кетсе да бизден алыс,
Калабыз аны эстеп.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү : А.Бекташевдики Обону : Н.Насиптики Оо ата — энем аска зоом тирегим, Силер менин бул жашоодо зирегим. Дайым мага айткан сөзүң эсимде, Эң биринчи тийсин элге керегиң. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин. Оо ата — энем жан кубатым медерим, Силерсиңер желбиреген желегим. Көзүм ачтың, коштуң адам санына, Силер барда мен максатка жетемин. Кайырма: Оо ата — энем теңдеши жок устатым, Тарбияга тактап мени тынбадың. Эми менин эң биринчи милдетим, Эл алдында урматтаймын, сыйлаймын. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин Эл алдында урматтаймын сыйлаймын.
  • Музыкам сен болдуң, Муз эрип жүрөктөгү. Муңумду таратып, Жылмайып күлөт пери. Эңсетип өзүңдү, Эмне эле күн өтпөдү? Ээлигип жай бербей, Жүрөгүм сүйөт сени. Кайырма: Менин да сүйүүм ушундай, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Көздөрүң балбылдап Көңүлдүн шам чырагы. Көзүңдүн жарыгын Башкалар мендей туябы? Күлгөнүң шыңгырап, Туптунук тоо булагы. Күмүштөй күлкүңдү Бөлөктөр мендей угабы? Кайырма: Менин да сүйүүм ушундай, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап, Бакыттын кушун учурбай.
  • Айт, неге, эмнеге айдай жүзүңдү сен менден жашырып алдың? Ансайын азгырып барасың. Ким үчүн, не үчүн берген белектериме эч көңүл бурбадың? Ойлонуп чын эле чарчадым. Карап, карап керилесиң, мадам, Басасың жанымдан. Чачтарың жазылган, Карап, карап, жаным, сүйгөн жамалыңды, Сылап өткөн салкын желден кызганып барам. Кайырма: Алдап, алдап, неге мени сезбей койдуң? Ах, жүрөктү ойдуң. Кайра мага жылмаюуңду дагы сездим Эх, жүрөктү эздиң. Жок дебе, издебе шылтоо кылып менден, жаным, алыстай бербе, Билемин сүйөсүң сен мени. Байкатпай беймарал жүрөсүң го, а бирок сен жолуксам дейсиң, Кантсең да жашырба сезимди. Карап, карап керилесиң, мадам, Басасың жанымдан, Чачтарың жазылган. Карап, карап, жаным, сүйгөн жамалыңды, Сылап өткөн салкын желден кызганып барам. Кайырма: Алдап, алдап неге мени сезбей койдуң? Ах, жүрөктү ойдуң. Кайра мага жылмаюуңду дагы сездим, Эх, жүрөктү эздиң.
  • Көргөндө сени күлгөнүң жаккан Өзүңсүң бактым мен издеп тапкан Күн өтсө дейли жыл өтсө дейли Жүрөктүн ээси жалгыз өзүң Өзүң бар үчүн көңүл жай үчүн Жашооңду курчайт тунук сезим Убакыт учуп өмүр өзгөрөт Кубаныч тартуулаган далай кез келет Өзүңсүз бирок сезимсиз бирок Баары бир бекер баары бир бекер Бул күндөр өтөр жаңы күн келер Жаным дайым болбосоң сен жанымда эгер Байлыгың деле бийлигиң деле Мен үчүн бекер баары бир бекер Өзүңсүз өмүр күн өтүп жаткан Чыккан күн кайра бат эле баткан Жолуккан күнү алоолоп сүйүүп Бакыттын нурун өзүндөн тапкам Сезимдин гүлү ашыктык үнү Жүрөктө гана жашап алган Убакыт учуп өмүр өзгөрөт Кубаныч тартуулаган далай кез келет Өзүңсүз бирок сезимсиз бирок Баары бир бекер баары бир бекер Бул күндөр өтөр жаңы күн келер Жаным дайым болбосоң сен жанымда эгер Байлыгың деле бийлигиң деле Мен үчүн бекер баары бир бекер