Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен менин жан дуйномо керексин»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма:
  • Көк асманда калкып учкан, Ак куу болуп сен келсең. Булбул сымал мен ырдайын, Мени коштоп бийле сен. Чыбыктай ийилген, Басканы керилген, Суктантып сен бийлесең. Кайырма: Ойго батам, мен оттой жанам, Бийлесең сени менен кумарланам. Татынасың, неге тартынасың? Бийчи кыз, өзгөдөн кызганамын. Жандап бассам, бийге тартсам, Чимирилип бийлесең. Акылымдан адаштырып, Жүрөк козгоп жиберген. Бийлесең наздана, Карасаң кадала, Жүрөктө калат жара. Кайырма:
  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар, Балдай таттуу сүйүү таптыңар. Көңүл кушу бири-бирин жактырып, Кош ак куудай канат кактыңар. Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп, Той өткөрүп турган чактыңар. Келиңиздер деп сыйга чакырып, Конокторго эшик ачтыңар. Кайырма: Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган. Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын, Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын. Куда болуп эки тарап достошуп, Кубанычтар толкуп агылсын. Куттуктайлы эки жашты чын дилден, Коломтоңор өчпөй жагылсын. Ак сакалдардын батасы тийип, Алдей үнү үйдө жаңырсын. Кайырма:
  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Кайырма: Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Кайырма:
  • Кудай кошкон досторум бир туугандай ар бириң Кубанып да кайгырып аппак дайым сезилип Эки дүйнө бир болушат достор гана түбөлүк Ыйык сактап ынтымакта достор аман жүрөлүк Кайырма: Кел достор бирге көңүл ачып бул кечте Олтуралы достор көз тийбесин бизге Дайым бир болуп достук күчүн колдонуп Алга умтулалы элге үлгү болуп Жакшылыкта кубанып жандап дайым жүрүшөт Башка түшсө арман күн кайгы муңду бөлүшөт Жөлөгөн да таяган да достук адам канаты Сыймыктанган суктандырган досторум бар карачы Макул болот ар дайым мени менен жүр десең Кызыгы жок өмүрдүн достук баркын билбесең Жакшылыкта жамандыкта сына досту издесең Акыретте куткара алган досуң болот ким десең