Казахские песни Узбекские песни

Песня «Көпөлөгүм»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.
Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.
Кайырма:
Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.
Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.
Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Баргым келып турат Бий ааламга күнде кешке Сагынып калам Ол күндерим али эсте Ыргагым да диско Кече көркү биз го Жалында дечи элек Бирден кыз бир бала Бий бийлеп ламбада Унутпайм дечү элек Тан суумайтын махабаттын кеши Бийлеттик макро самый вечер Кайтып келмес гажайып жагдарды Сенде миндет сагынбайм демеши Сагыдым ауу Ал кезде тиджей эмес Ойночу эски «мафон» Итс май лайф мария Я махо, я ма соу. Диско ыргагы мен Дилимден бары мен Сагынам али мен Бир кыз бен бир бала Каз катар ыргала Бийлеген ламбада Ошондогу махабаттын кечи Бийге чакырат го самый вечер Сагындырып кайрылбасаң дагы Жаштыгым сен эсимден кетпечи Сен кетпечи.
  • Жаным жааным жакын көргөн адамым сенсиң Оюумдасың көңүлдүн баарын ээлегенсиң Жалындаган махабатымды ченелбеген Бөлүнүп кете албас кыялымды сен менен Арнадым сага баарын ишенип айталамын Өзүңсүн менин багым Кайырма: Сен менин жан дүйнөмө керексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсиң Бактыма сендей адам турганда Жүрөгүм бүтүн менин жалгыз эмесмин Сен менин жан дүйнөмө керексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Көңүлүң ооруп турса муңайба Мен бармын жаным жалгыз эмессиң Жаным жааным эч кимге окшобогон жансың Көзүңдөгү нуруна мени байлагансың Жалындаган жүрөгүмдү менин арбаган Сен деген сезимдердин тереңине таң калам Сырымды сага ачтым колуңда менин бактым Сүйгөнүм махабатым
  • Калкым жыйылып, жүрөк сүйүнүп, Кыргыз элим салтанаттуу тоюн баштады. Баары карашып, жоолук жарашып, Босогону жаңы жеңем аста аттады. Жүзү кут жанып, жаштар суктанып, Жүгүнгөндө жалпыга жарыгын чачат. Бир аз уялып, бир аз кубанып, Байкем менен ортодо жанашып басат. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Таң эрте туруп, кызматын кылып, Таза сактап уйти ичине бакыт сунасың. Көтөрүп чака, барсаң суу жакка, Кайнилериң жарыштырып ашык кыласың. Кайын журт баары, жашы да кары, Кызы сымал жактырып көрүшсө экен дейм. Колуңан дайым чай ичкен сайын, Келечекте сендей жар жолукса экен дейм. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген.
  • Бакыттын даамы сезилбей кетти Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү Сагындым жаным Кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың