Казахские песни Узбекские песни

Песня «Керексиң»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаным жааным жакын көргөн адамым сенсиң Оюумдасың көңүлдүн баарын ээлегенсиң
Жалындаган махабатымды ченелбеген
Бөлүнүп кете албас кыялымды сен менен
Арнадым сага баарын ишенип айталамын
Өзүңсүн менин багым

Кайырма:

Сен менин жан дүйнөмө керексиң
Жүзүмдө жылмайууга себепсиң
Бактыма сендей адам турганда
Жүрөгүм бүтүн менин жалгыз эмесмин
Сен менин жан дүйнөмө керексиң
Жүзүмдө жылмайууга себепсин
Көңүлүң ооруп турса муңайба
Мен бармын жаным жалгыз эмессиң

Жаным жааным эч кимге окшобогон жансың
Көзүңдөгү нуруна мени байлагансың
Жалындаган жүрөгүмдү менин арбаган
Сен деген сезимдердин тереңине таң калам
Сырымды сага ачтым колуңда менин бактым
Сүйгөнүм махабатым

Другие песни исполнителя:

  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Кайырма: Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Кайырма:
  • Айтканды укпаган Ашыкча уктаган Болсо да кылыгың Болсо экен жукпаган Жамыңды билбеген Жасалма күлбөгөн Алтындай мүнөзгө Ашыкмын күндө мен Кайырма: Өзгөчөм сүйдүрөсүң күйдүрөсүң Жаным жазала Өзүң билип чөнтөгүмдүн баарын тазала Сенсиз кантип жашамакмын Аны билбеймин Сени сүйөмүн Сенден башка жанды сүйбөймүн Болбосту болтурган Бакытка жол урган Ташкындап сүйүүсү Тамакты кор кылган Азгырып сүйдүргөн Азапка күйдүргөн Кылыгын сүйөм да Ыйлатып күлдүргөң
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт Кайырма:
  • Ыймандан дилиң тазарат, Ырлардан көңүл жашарат. Ыр менен жашап түбөлүк, Ырдалып бүтпөйт махабат. Арзуудан өмүр жашарат, Арзуудан жүрөк наз алат. Армандуу дүйнө кимде жок, Айтылып бүтпөйт махабат. Күндө өтүп турса сапар бат, Күлгүн жаш келбейт катарлап. Гүл азык болуп өмүргө, Гүл бойдон калат махабат.