Казахские песни Узбекские песни

Песня «Токтогулга кетесиңби»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Түн сүйүүмдү сага болгон,
Ушунча да эзесиңби?
Сага арнап ырдап жатам,
Сүйүүмдү сен сезесиңби?

Кайырма:
Сага арнаган ак сүйүүнүн,
Кадырына жетесиңби?
Макул болуп мени менен,
Токтогулга кетесиңби?

Жолугууга чакырайын,
Жообун айтып келесиңби?
Анчалык көп кыйнабачы,
Алда мени сезесиңби?

Кайырма:

Айтчы гана, жообун айтчы,
Алоолонуп күйүп барам.
Анчалык көп назданбачы,
Ал ансайын сүйүп барам.
Келчи, гүлүм көп күтпөстөн,
Максатыма жетсем окшойт.
Күтө бербей Токтогулга,
Алып качып кетсем окшойт

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Кайырма: Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Кайырма:
  • Ыймандан дилиң тазарат, Ырлардан көңүл жашарат. Ыр менен жашап түбөлүк, Ырдалып бүтпөйт махабат. Арзуудан өмүр жашарат, Арзуудан жүрөк наз алат. Армандуу дүйнө кимде жок, Айтылып бүтпөйт махабат. Күндө өтүп турса сапар бат, Күлгүн жаш келбейт катарлап. Гүл азык болуп өмүргө, Гүл бойдон калат махабат.
  • Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың, Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың? Канчалык сүйөрүмдү билесиңби, Айла жок мен сага эми кош айтамын. Кайырма: Мен эми кайгырбайм, Сени эстеп көзгө жаш албайм, Жүрөгүм ыйласа да, сен деп, Болду эми сагынбайм Мени издеп кайрылба, Кечиктиң эми садага, Сен кеттиң, эми сен сагынба. Бир кезде ээрчишкен махабатым элең, Түбөлүк жанымда, болом дечү элең. Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу, Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.
  • Ыйманымды бекемде жараткан Аллах, Ырыскымды адалдан тараткан Аллах, Ыйласам да күлсөм да, Шүгүр кыламын Мусулманмын анткени альхамдулиллях Кайырма: Аллах, Аллах, Аллах Субханаллах Өмүрүм да, жүрөгүм да сен үчүн Аллах Аллах, Аллах, Аллах Субханаллах Мээримиңдин, берекеңдин чеги жок Аллах, Түгөнбөгөн байлыкты арнап жаныма, Түбөлүктүү бакытка чыйыр сал Аллах, Кубанамын, сүйүнөм бактылуу жанмын Мухамадка үмөт кыл, жаратканына Кайырма: