Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аллах»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ыйманымды бекемде жараткан Аллах,
Ырыскымды адалдан тараткан Аллах,
Ыйласам да күлсөм да,
Шүгүр кыламын
Мусулманмын анткени альхамдулиллях

Кайырма:
Аллах, Аллах, Аллах
Субханаллах
Өмүрүм да, жүрөгүм да сен үчүн Аллах
Аллах, Аллах, Аллах
Субханаллах
Мээримиңдин, берекеңдин чеги жок Аллах,

Түгөнбөгөн байлыкты арнап жаныма,
Түбөлүктүү бакытка чыйыр сал Аллах,
Кубанамын, сүйүнөм бактылуу жанмын
Мухамадка үмөт кыл, жаратканына

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Улуттун айырмасын тилден алган Тилибиз бабалардан мурас калган Өз өлкөм өз тилим болгон үчүн Кыргызым жашап келет байыртадан Эне тил ар бир жандын дили болот Эне тил жүрөгүңдүн үнү болот Билбеген эне тилин маңкурт делип Эл алдына чыга албаган сүрү болот Кайырма: Өз тилиң кыргыз бурба Бөлөк тилде маек курба ээй Эне тилин чаңгандарды Намыс барбы карап турба ээй Биз кыргыздар кыргызча сүйлөшөлү Эне тилин билбегендерди сүрдөтөлү Кылымдарды карыткан ээй тилибизди Башкага да кызыктырып үйрөтөлү Кел кыргызым кыргызча сүйлөшөлү Миң жылдык жолуду улап жашап келген Сөздөрүм асылдардын тилин берген Кыргыздын чоң байлыгы эне тили Кылымдар карыса да кемибеген Байлыгы сөз мааниси чектелбеген Алты миң жашап келет эзелтеден Манасты берген дилим адам затка Кыргызга сыймыктанчуу демди берген
  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма:
  • Күлсөң эгер назарыңдан, Күн шооласы чачылат. Күлмүңдөгөн ажарыңдан, Көңүл чери жазылат. Карегиңде бир сырың бар катылган, Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган. Селкинчек сезимдерге күүлөнүп, Сейил куруп жүрөлүк. Сырымды ачык айтсам жашырбай, Сага сүйүүм түбөлүк. Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп, Жанашып биз жүрөлүк. Жан дүйнөм ашыктыкка берилип, Жакшы көрөм түбөлүк. Жылытасың илебиңе, Жалындаган от сындуу. Жакындашып тилегиме, Жаштыкка нур коштуңбу? Бийиктеги махабат жылдызымды, Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?
  • Жаштардын шаары – Жалал-Абад, Күн өткөн сайын жашарат. Түгөнбөй ырдай берүүчү, Ырларым сага арналат. Жалал-Абад – менин күнүм, Жалал-Абад – сенин күнүң. Келсең, курбум көрөсүң, Жалал-Абад шаарын бүгүн, Мына бүгүн. Кечинде деле Жалал-Абад, Көркөмү сонун кулпурат. Жагымдуу ырлар ырдашып, Кыз-жигит бирге үн салат. Кайырма: Жашарат шаарым жыл менен, Бүтө албайм мактап ыр менен. Бул шаардын сулуу кыздары, Ачылган кызыл гүлгө тең. Кайырма: