Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жакшы көрөм түбөлүк»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күлсөң эгер назарыңдан,
Күн шооласы чачылат.
Күлмүңдөгөн ажарыңдан,
Көңүл чери жазылат.
Карегиңде бир сырың бар катылган,
Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган.
Селкинчек сезимдерге күүлөнүп,
Сейил куруп жүрөлүк.
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк.
Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп,
Жанашып биз жүрөлүк.
Жан дүйнөм ашыктыкка берилип,
Жакшы көрөм түбөлүк.
Жылытасың илебиңе,
Жалындаган от сындуу.
Жакындашып тилегиме,
Жаштыкка нур коштуңбу?
Бийиктеги махабат жылдызымды,
Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?

Другие песни исполнителя:

  • Нөшөрлөп эжай бербей жамгыр төксө Жамгырдай толгон карек жашын сепсе Жүрөгүм жаш кесилип келээр бекен? Жанымдын кыйын алганын жаның сезсе Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Айта албай убакыттын эрте-кечин Сыялап сырлар жазам кагаз бетин Кетипсиң кайра келбес сапарыңа Калтырып махабаттын ыр-кесесин Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Конбоду чынарымдын бутагына Кыспадың койнуң толо кучагыңа Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң Карматып кыпкызыл чок бутагыңа Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын
  • Көздөр, көздөр жашка толду, Сүйгөн жүрөк жакпай койду сага… Жаным сага. Билсең дагы сүйөрүмдү, ачпай койдуң жүрөгүңдү мага… Оо мага… КАЙЫРМА: Мен сага жакпай койдум, Көңүлүң таппай койдум, махабатым менин. Жаралуу жүрөгүңө, Жалгыз мен батпай койдум, махабатым менин! Ооо…. Маңдайыңдан табылайын, Махабатым дарылайын, жаным кагылайын… Бакытка жол табыш үчүн, Бир өзүңө жагыш үчүн, жаным не кылайын?
  • Ыйманымды бекемде жараткан Аллах, Ырыскымды адалдан тараткан Аллах, Ыйласам да күлсөм да, Шүгүр кыламын Мусулманмын анткени альхамдулиллях Кайырма: Аллах, Аллах, Аллах Субханаллах Өмүрүм да, жүрөгүм да сен үчүн Аллах Аллах, Аллах, Аллах Субханаллах Мээримиңдин, берекеңдин чеги жок Аллах, Түгөнбөгөн байлыкты арнап жаныма, Түбөлүктүү бакытка чыйыр сал Аллах, Кубанамын, сүйүнөм бактылуу жанмын Мухамадка үмөт кыл, жаратканына Кайырма:
  • Бүгүн бар, эртесинде жоксуң Ар таңды акыркыдай тоскун Беш күндүк жалган бул өмүрдө Коноксуң! Жаш кезде жанып турган отсуң Жалбарып кармай алган жоксуң Жарк этип жашоо бизден өтсө Жомоксуң Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Кээде кыш, кээде жаркын жайсың Бир тарып, бир балкыган байсың Тагдырдын татаал тар жолунда Сынайсың Билгенге бакыт толгон ирмем Билбеске кирип, чыккан бир дем Өмүр бул белек жаратканым жиберген! Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Өмүрдү сүйүп жашаймын
  • Музыкам сен болдуң, Муз эрип жүрөктөгү. Муңумду таратып, Жылмайып күлөт пери. Эңсетип өзүңдү, Эмне эле күн өтпөдү? Ээлигип жай бербей, Жүрөгүм сүйөт сени. Кайырма: Менин да сүйүүм ушундай, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Көздөрүң балбылдап Көңүлдүн шам чырагы. Көзүңдүн жарыгын Башкалар мендей туябы? Күлгөнүң шыңгырап, Туптунук тоо булагы. Күмүштөй күлкүңдү Бөлөктөр мендей угабы? Кайырма: Менин да сүйүүм ушундай, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап, Бакыттын кушун учурбай.