Казахские песни Узбекские песни

Песня «Менин да сүйүүм ушундай»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.
Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.
Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?
Кайырма:
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай.

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү: Нурлан Насиптики Обону : Нурлан Насиптики Бийик, бийик зоолордо, Ак мөңгүлүү тоолордо, Ата-бабам, элим жашаган. Байыртадан элим, Кылымдарга өчпөй, Ата Мекен көчүн улаган. Көк тиреген тоосу, Мелтиреген суусу, Көп адамдын көзүн арттырган. Кайырма: Берекелүү, ыйык Мекеним, Ата Мекеним, кыргыз жерим. Ак калпактуу кыргыз элим, Алгалай бер, кыргыз элим! Ата Мекеним! Душмандардан сактап, Урпактарга улап, Манас ата бизди коргогон. Үч буроосун бурап, Колго комуз ойноп, Ата-бабам мурас калтырган. Көз арттырган жерим, Көз тийбесин сага, Көкөлөп өсө бер алдыга! Кайырма:
  • Бакыттын даамы сезилбей кетти Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү Сагындым жаным Кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың
  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Кайырма: Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Кайырма:
  • Кол жеткис менин чүрөгүм, Жаныңа барсам сүрдөймүн. Айта албай сага сүйүүмдү, Кыйналып кетти жүрөгүм. Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй. Күлсөң менин чүрөгүм, Эзилип кетет жүрөгүм. Эстеген сайын күлкүңдү, Ансайын сени сүйөмүн. Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй. Тартылам, жаным, өзүңө, Суктанам кара көзүңө. Жүрөктөгү дартымды, Айта албай келем өзүмчө. Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй.