Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эки жаш»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар,
Балдай таттуу сүйүү таптыңар.
Көңүл кушу бири-бирин жактырып,
Кош ак куудай канат кактыңар.
Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп,
Той өткөрүп турган чактыңар.
Келиңиздер деп сыйга чакырып,
Конокторго эшик ачтыңар.
Кайырма:
Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.
Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын,
Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын.
Куда болуп эки тарап достошуп,
Кубанычтар толкуп агылсын.
Куттуктайлы эки жашты чын дилден,
Коломтоңор өчпөй жагылсын.
Ак сакалдардын батасы тийип,
Алдей үнү үйдө жаңырсын.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жаштардын шаары – Жалал-Абад, Күн өткөн сайын жашарат. Түгөнбөй ырдай берүүчү, Ырларым сага арналат. Жалал-Абад – менин күнүм, Жалал-Абад – сенин күнүң. Келсең, курбум көрөсүң, Жалал-Абад шаарын бүгүн, Мына бүгүн. Кечинде деле Жалал-Абад, Көркөмү сонун кулпурат. Жагымдуу ырлар ырдашып, Кыз-жигит бирге үн салат. Кайырма: Жашарат шаарым жыл менен, Бүтө албайм мактап ыр менен. Бул шаардын сулуу кыздары, Ачылган кызыл гүлгө тең. Кайырма:
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма:
  • Сөзү : А.Бекташевдики Обону : Н.Насиптики Оо ата — энем аска зоом тирегим, Силер менин бул жашоодо зирегим. Дайым мага айткан сөзүң эсимде, Эң биринчи тийсин элге керегиң. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин. Оо ата — энем жан кубатым медерим, Силерсиңер желбиреген желегим. Көзүм ачтың, коштуң адам санына, Силер барда мен максатка жетемин. Кайырма: Оо ата — энем теңдеши жок устатым, Тарбияга тактап мени тынбадың. Эми менин эң биринчи милдетим, Эл алдында урматтаймын, сыйлаймын. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин Эл алдында урматтаймын сыйлаймын.
  • Мен жалгыз, жалгыз, сезимдер алсыз, Сагынуудан башка таппаймын айла, Жолуккан күндөр, жомоктой түндөр Кайда, кайда? Кайырма: Мейли, мейли жүрөгүмдү жылытпай, Мейли, мейли учуп кетсең булуттай. Бийик коюп сүйүүнү намысымдан, Бир өзүңдү сүйөмүн унутпай. Эңсетип жанды, эсиңде барбы, Эгиздердей чогу тосчубуз таңды. Тунук махабат, жүрөк жаралап, Кайда калды? Кайырма: