Казахские песни Узбекские песни

Песня «Лейла»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Капысынан сени көрүп калдым
Карегиме сүйүү отун салдың
Ооооооооо
Стамбулдун сулуу кызылына
Кантип эле мени арбап алдың
Ооооооооо
Не кадер не кадер сени севиорум
Сана сана ашкым калбим бир ойрум

Гүлүм сенсиң Лейла
Гүлүм сенсиң Лейла
Сүйүүм сенсиң Лейла
Сендей сулуу кайда

Деңиздин жээгинде бастык
Сен менен жайнады жаштык
Жок жок жок гозаль кыз
Көздөрү гозаль кыз
Жүрөктү ээлеп алдыңыз

Не кадер не кадер сени севиорум
Сана сана ашкым калбим бир ойрум

Гүлүм сенсиң Лейла
Гүлүм сенсиң Лейла
Сүйүүм сенсиң Лейла
Сендей сулуу кайда

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү : А.Бекташевдики Обону : Н.Насиптики Оо ата — энем аска зоом тирегим, Силер менин бул жашоодо зирегим. Дайым мага айткан сөзүң эсимде, Эң биринчи тийсин элге керегиң. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин. Оо ата — энем жан кубатым медерим, Силерсиңер желбиреген желегим. Көзүм ачтың, коштуң адам санына, Силер барда мен максатка жетемин. Кайырма: Оо ата — энем теңдеши жок устатым, Тарбияга тактап мени тынбадың. Эми менин эң биринчи милдетим, Эл алдында урматтаймын, сыйлаймын. Кайырма: Атакебай, апакебай, Силер барда мен максатка жетемин Эл алдында урматтаймын сыйлаймын.
  • Ыймандан дилиң тазарат, Ырлардан көңүл жашарат. Ыр менен жашап түбөлүк, Ырдалып бүтпөйт махабат. Арзуудан өмүр жашарат, Арзуудан жүрөк наз алат. Армандуу дүйнө кимде жок, Айтылып бүтпөйт махабат. Күндө өтүп турса сапар бат, Күлгүн жаш келбейт катарлап. Гүл азык болуп өмүргө, Гүл бойдон калат махабат.
  • Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың, Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың? Канчалык сүйөрүмдү билесиңби, Айла жок мен сага эми кош айтамын. Кайырма: Мен эми кайгырбайм, Сени эстеп көзгө жаш албайм, Жүрөгүм ыйласа да, сен деп, Болду эми сагынбайм Мени издеп кайрылба, Кечиктиң эми садага, Сен кеттиң, эми сен сагынба. Бир кезде ээрчишкен махабатым элең, Түбөлүк жанымда, болом дечү элең. Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу, Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.
  • Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө, Жамгырдай толгон карек жашын сепсе. Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен? Жанымдын кыйналганын жаның сезсе. Кайырма: Сезбеди сагынганым сенин жаның, Саргартып кан жүрөктү ажарладың. Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным, Жутпадым сен жыттанган, Жутпадым сен жыттанган, Сүйүү балын. Айта албай убакыттын эрте-кечин, Сыялап сырлар жазат кагаз бетин. Кетипсиң кайра келбес сапарыңа, Калтырып махабаттын ыр-кесесин. Кайырма: Конбодуң чынарымдын бутагына, Кыспадың койнуң толо кучагыңа. Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң, Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.
  • Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы Обону : Эдил Маматовдуку Сөздөрүм ырларымда угуп кой, Жетинип айта албаган Келечек күнгө болбо сен тоскоол, Өткөнгө кайтып бара албайм. Алгачкы махабатты берген деп Өзүңдү эч жашыра албайм. Ашыктар болгонбуз биз ээрчишкен, Ал күндөр эми кайтпаган. Кайырма: Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө, Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө. Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө, Мени унут, убакыт дары күндөргө. Сезимдер сага деген муздады, Көңүлүм жүрөт тартпай. Мендеги жашаган сүйүү бүттү, Эми кайра ал жаралбайт Жүрөктө жылуулук калды өчүп, Сагынбай калдым сагынбай. Себебин билесиң ичтен туюп Ал күндөр кетти, кайрылбай. Кайырма: