Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айылым»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Түндө түш көрдүм,апам жанымда,
Ысык нан сунат и-ий,менин колума.
Ойгонсом түшүм,сыздады жүрөк,
Бат эле өттү и-ий бактулуу мүнөт.
Припев:
Жолун тосуп жөнөйүн,Токтогул жериме
Ашуу ашып барайын,айылым,элиме
Бала болуп көчөмдө,кайрадан чуркайын
Узун акма суусунан,тамшанып урттайын

Көздөн жаш тамып,жаздыгым нымдап
Уктабай жаттым и-ий жүрөктү тындап
Биз өскөн чон там,көзүмдөн учуп
Сагыныптырмын и-ий айылды чындап

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма:
  • Кызыктай бар эле адатыбыз, Кыш эрте келсе деп самачубуз. Каткырып кар кечип, кубалашып, Кечинде сабактан тарачубуз. Кайырма: Вальс, вальс, вальс, Мойнума кар саласың. Вальс, вальс, вальс, Кубанычым таркабасын. Кайрадан кар кечип узатайын, Кайдасың, классташ-парталашым? Жаштыктын жалындуу күчү менен, Жаш элек биз анда үшүбөгөн. Күкүктөр сайраса кыш чилдеде, Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен. Жабыркайм чилденин тушунда бу, Жалгыздык азабы ушундабы? Жылытам, демиме жылытамын, Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы.
  • Кол жеткис менин чүрөгүм, Жаныңа барсам сүрдөймүн. Айта албай сага сүйүүмдү, Кыйналып кетти жүрөгүм. Кайырма: Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй. Күлсөң менин чүрөгүм, Эзилип кетет жүрөгүм. Эстеген сайын күлкүңдү, Ансайын сени сүйөмүн. Кайырма: Аяйым, менин аяйым, Арзуумду сага арнаймын. Айта албай сага сүйүүмдү, Азабың сенин тартамын. Аяйым, менин, аяйым, Аяйым, менин, аяйым, Аяй, аяй, аяй, аяй. Тартылам, жаным, өзүңө, Суктанам кара көзүңө. Жүрөктөгү дартымды, Айта албай келем өзүмчө.
  • Гүлдөй буралып, бастың жанымда, Кыт-кыт күлүп карап, өттүң назданып. Арзуум от болуп, жан дүйнөм чок болуп, Калгансыды жүрөк сүйүүгө мас болуп. Кайырма: Эркелетсемби, кара көз, сени, Суктанып мен карап, эзилеминби? Эркелетейин, келчи, шириним, Кучагыма кысып, эркелетейин. Күндөй жаркып сен, чыктың таң ата, Көзгө сүйкүм болуп, күнгө жанаша. Кандай сүйкүмдүү, сенин элесиң?! Көңүлүмдү буруп, эркелетейин. Кайырма:
  • Айтканды укпаган Ашыкча уктаган Болсо да кылыгың Болсо экен жукпаган Жамыңды билбеген Жасалма күлбөгөн Алтындай мүнөзгө Ашыкмын күндө мен Кайырма: Өзгөчөм сүйдүрөсүң күйдүрөсүң Жаным жазала Өзүң билип чөнтөгүмдүн баарын тазала Сенсиз кантип жашамакмын Аны билбеймин Сени сүйөмүн Сенден башка жанды сүйбөймүн Болбосту болтурган Бакытка жол урган Ташкындап сүйүүсү Тамакты кор кылган Азгырып сүйдүргөн Азапка күйдүргөн Кылыгын сүйөм да Ыйлатып күлдүргөң