Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кар вальсы»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кызыктай бар эле адатыбыз,
Кыш эрте келсе деп самачубуз.
Каткырып кар кечип, кубалашып,
Кечинде сабактан тарачубуз.

Кайырма:

Вальс, вальс, вальс,
Мойнума кар саласың.
Вальс, вальс, вальс,
Кубанычым таркабасын.
Кайрадан кар кечип узатайын,
Кайдасың, классташ-парталашым?

Жаштыктын жалындуу күчү менен,
Жаш элек биз анда үшүбөгөн.
Күкүктөр сайраса кыш чилдеде,
Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен.

Жабыркайм чилденин тушунда бу,
Жалгыздык азабы ушундабы?
Жылытам, демиме жылытамын,
Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы.

Другие песни исполнителя:

  • Билбей канча кетирдим ката Баарын бирдей кетирдиң ата Ааламдай кенен жүрөгүң менен Бакыт тилеп бересиң бата Анансайын ойго батамын Азыр минтип өзүм атамын Бактылуумун чындап анткени Баласымын сендей атанын Кайырма; Тилегим атам тирегим атам Ден соолукта узак жашачы Кубатым атам кубанчым атам Өмүрүмдүн сенсиң башаты Бар байлыгым жөлөгүм атам Сизди жакшы көрөмүн ата Аска зоом менин атыңдан сенин Апам менен жүз ашып жаша Билем кээде ойго саламын Бир себеби мен го саананын Өзгөрүлүп ата болсом да Өзүң үчүн дале баламын
  • Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың, Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың? Канчалык сүйөрүмдү билесиңби, Айла жок мен сага эми кош айтамын. Кайырма: Мен эми кайгырбайм, Сени эстеп көзгө жаш албайм, Жүрөгүм ыйласа да, сен деп, Болду эми сагынбайм Мени издеп кайрылба, Кечиктиң эми садага, Сен кеттиң, эми сен сагынба. Бир кезде ээрчишкен махабатым элең, Түбөлүк жанымда, болом дечү элең. Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу, Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.
  • Адаштырып мени ар качан Азаптарга жаным салбасаң Өкүнүчтө калып сыздап калсамчы Өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн баарын сизге арнасам Карындаш кимди сүйөсүң ээй
  • Тамчыласын сезимди кайчыласын Канча таба албай айла Жолумду карайм кайра Ылап турам жан дуйном жалгыз сырап Кайра кайрылбаган жазым Кайдасын куткон бактым Кайырма: Жазгы жамгыр токчу жашын бугун Жазгы жамгыр очпосун ак суйуум Жазгы жамгыр соолубасын гулун Ачылып кайрадан умутту байлаган келчи суйуум Тагдырымсын мен куткон жамгырымсын Энсеп коктон тушуп сен деп Тамчылап суйгум келет Суйгум келет жаз болуп билгим келет Кайда бир кун табып айла Коктомдо барсак кайра Кайырма: Жазгы жамгыр токчу жашын бугун Жазгы жамгыр очпосун ак суйуум Жазгы жамгыр соолубасын гулун Ачылып кайрадан умутту байлаган келчи суйуум
  • Капаланып күндөр таарына берет, Эрке мүнөз экенин өзү сезет. Башкалардан өзүн өйдөрөөк көрөт, Көп кыздардан бирок өзгөчөлөнөт. Кайырма: Эрке кыз ыйлайт, кыйнайт, Жүрөк сыздатат. Сүйлөбөй коет, ойнойт, Ичте сыр катат. Таарынычын жазсаң, тил тапсаң, Назик үн катат. Маанайын ачса, муң качса, Күлүп нур чачат. Таарынат, бул ар бир сөзгө асылат, Катуу айтсаң дароо көзүн качырат. Көңүл бөлсөң бирок гүлдөй ачылат, Көздөрүнөн бакыт нуру чачырап. Бир көргөндө жагат анын келбети, Каректери укмуш, көлдүн бермети. Тикени болот роза гүлүнүн дагы, Тилин тапсаң бейиш сага жер бети.