Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ашык болуу»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакыттын багын аралап,
Жүрөктөрдө сезим жаралат.
Кубаныч коштоп өмүрүңдү,
Ашыктык бакытты бере алат.
Калкып учкан сымал асманда бийик
Кыялымды сууруп.
Керемет го чындыгында,
Бир өмүр жүрсөң сүйүп.

Кайырма:
Ашык болуу, ашык болуу
Жашоону оро жалын-нурга.
Ашык болуу, жашып коюу,
Сүйгөнүңө жолугууга.
Сен баалай бил,
Сен арнай бил, сезим жандаганда.
Ашып болуу ачып берүү жүрөгүңдү бир адамга.

Ашык болуу деген сыйкыр сезим эгер билсең,
Канат байлап алып учат куса болуп жүрсөң.
Жалгыздыкта калган кезде жүрөк сыздап турат,
Сагындырат, жалындырат.
Убагында сездим, ашыктыктын даамын,
Сезим келер менен мага унуттум го баарын.
Махабаттын өзүн бакыт десем,
Ашык болуп жүрүү өзү бакыт экен.

Махабат бакыт барагы,
Ашык болуу жүрөк талабы.
Себепкер болсо сүйүүбүз,
Тагдырды бирге жазайлы.
Тунук сүйүү барда жүрөктөр тоңбойт,
Мерездик болбойт.
Ашыктарды ар дайым,
Жараткан өзү колдойт.

Другие песни исполнителя:

  • Ала качып каректерди байкап байкап Таарынгандай кыр саласың алдап алдап Жүрөгүмдү оорутпачы кыйнап кыйнап Бир кучак гүл кармап ширин сөздөн тандап Көңүлүңдү алуу үчүн турам жандап Кайырма : Эй таарынганын жагат мага Тунук сезим жашайт анда Эркелесең уяң карап Сен мени байкап Жүрөгүм жүрөгүм жалгыз өзүң аруу тилегим Жүрөгүм жүрөгүм бакыт даамын сенден сеземин Жүрөгүм жүрөгүм билесиң го сени сүйөмүн Жүрөгүм жүрөгүм жалгыз сенсиң көркү дүйнөмдүн Өзүң барда канат кагам кенен кенен Өзгөрүлбөйм маанай ачык сени менен Жолуктурдум бакыт кушун сезимдерден Кыялым сен элең жанаштың мен менен Бир өтөлү сүзүп өтчү деңиздерден
  • Түн сүйүүмдү сага болгон Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам Сүйүүмдү сен сезесиңби? Сага арнаган ак сүйүүнүн Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы Алда мени сезесиңби? Сага арнаган ак сүйүүнүн Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Сага арнаган ак сүйүүнүн Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Ха аай - хооой Айтчы гана, жообун айтчы Алоолонуп күйүп барам Анчалык көп назданбачы Ал ансайын сүйүп барам Келчи, гүлүм көп күтпөстөн Максатыма жетсем окшойт Күтө бербей Токтогулга Алып качып кетсем окшойт Сага арнаган ак сүйүүнүн Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби? Макул болуп мени менен Токтогулга кетесиңби?
  • Жылдыздай жанып, жаркыраган, Жаныңа мени тартып анан, Жел сымал учуп жок болдуң жаным. Жактырып айдай жамалыңды, Жоготуп бирок кабарыңды, Жалындап күйгөн от болдум жаным. Айтчы азыр кайдасың? Таппай жүрөк айласын. Кайда, кайда, кайда? Кайырма: Саулем ай менин, сагындым мен, Санаамдасың өзүң Сауле. Сагыныч отуна багындым мен, Самап келем сени дагы эле. Көрсөтпөй сулуу ажарыңды, Көбөйттүң ичте азабымды, Көп жерден сени издеймин жаным. Бараткан жолду жарык кылып, Бактымды сага салыштырып, Бир сенден үмүт үзбөймүн жаным. Жүрөктөгү бир пери, Мынча сүйгөнмүн сени, Сени, сени, сени… Кайырма:
  • Бүгүн кызым, турмушту көздөй канат кактың, Сүйкүм кызым, бакытың карай кадам бастың. Атакесинин данеги, Апакесинин кареги — болгон дайым, Тилегим тунук арнайын. Кайырма: Кызытай кагылайын, Көңүлгө жарык айым. Күн болуп күлүп турсун, Нур чырайың. Кызытайым Бактыңды мен каалаймын. Мөмөлөп гүл багыңда, Жүргүн дайым. Унутпагын апаңдын сага айткан кебин, Урматтагын дайыма сыйлап тапкан теңиң. Келиндей эмес кызындай, Кондуруп алсын учурбай — барган жериң. Тилегим жалгыз бул менин.