Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кызытайым»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүн кызым, турмушту көздөй канат кактың,
Сүйкүм кызым, бакытың карай кадам бастың.
Атакесинин данеги,
Апакесинин кареги — болгон дайым,
Тилегим тунук арнайын.

Кайырма:
Кызытай кагылайын,
Көңүлгө жарык айым.
Күн болуп күлүп турсун,
Нур чырайың.
Кызытайым
Бактыңды мен каалаймын.
Мөмөлөп гүл багыңда,
Жүргүн дайым.

Унутпагын апаңдын сага айткан кебин,
Урматтагын дайыма сыйлап тапкан теңиң.
Келиндей эмес кызындай,
Кондуруп алсын учурбай — барган жериң.
Тилегим жалгыз бул менин.

Другие песни исполнителя:

  • Капысынан сени көрүп калдым Карегиме сүйүү отун салдың Ооооооооо Стамбулдун сулуу кызылына Кантип эле мени арбап алдың Ооооооооо Не кадер не кадер сени севиорум Сана сана ашкым калбим бир ойрум Гүлүм сенсиң Лейла Гүлүм сенсиң Лейла Сүйүүм сенсиң Лейла Сендей сулуу кайда Деңиздин жээгинде бастык Сен менен жайнады жаштык Жок жок жок гозаль кыз Көздөрү гозаль кыз Жүрөктү ээлеп алдыңыз Не кадер не кадер сени севиорум Сана сана ашкым калбим бир ойрум Гүлүм сенсиң Лейла Гүлүм сенсиң Лейла Сүйүүм сенсиң Лейла Сендей сулуу кайда
  • Күлсөң эгер назарыңдан, Күн шооласы чачылат. Күлмүңдөгөн ажарыңдан, Көңүл чери жазылат. Карегиңде бир сырың бар катылган, Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган. Селкинчек сезимдерге күүлөнүп, Сейил куруп жүрөлүк. Сырымды ачык айтсам жашырбай, Сага сүйүүм түбөлүк. Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп, Жанашып биз жүрөлүк. Жан дүйнөм ашыктыкка берилип, Жакшы көрөм түбөлүк. Жылытасың илебиңе, Жалындаган от сындуу. Жакындашып тилегиме, Жаштыкка нур коштуңбу? Бийиктеги махабат жылдызымды, Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?
  • Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын, Сени менен кол кармашып дайым. Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым, Сездим окшойт мен бакыттын даамын Кайырма: Эки жүрөк бирге болсочу, Экөөбүзгө бакыт консочу, Бекем болуп өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Эки жүрөк бирге болсочу, Оротобузга сүйүү орносун Кел жашоомду өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым Сени менен бир болойун жаным, Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары, Сага гана эркелейин дайым
  • Жанымдан өтсөң жылмайып Жалт карайм мен да кылчайып Ичтеги сырды айталбай Жүрөсүң айтчы кимди айтып Өзүңдү жакшы көрөмүн Өзгөчө сүйөт жүрөгүм Өрт болуп өмүр өтсө да Сүттөн ак сага тилеймин Ойлорум менен таңатат Ойлорум сени саматат Жыл өткөн сайын жылт этип Жаштыгым өтүп баратат Айттырбай билип сырларын Ардактап жаштык ырларын Алакты кылбай көп эле Аясаң боло жыргалым
  • Акырындап баары иргелет, Акыреттик достор бир келет… Арттан жөлөп, күйгөн мен үчүн, Андай досту айтчы ким берет..? Жыгылдым, кыйналдым, толгондум, Сыноосунда тагдыр жолдордун. Кеңеш айтып, тартып колумдан, Ошондо да бирге сен болдуң. Мен сени жакшы көрөм досум, Бул достукту Кудай колдосун! Ортодогу таза мамиле, Кылымдарга чейин орносун ээй! Өмүрдө биз эки кош канат, Биздин достук өчпөй сакталат. Достун досу сендей болот деп, Айткым келет талбай кайталап ээй! Жаш кезден бекемдеп тамырын, Чын достукту курдук акырын. Бир нанды да тең бөлүп жеген, Мага кымбат сенин кадырың. Тиленем, суранам ар таңда, Токсон, жүзгө чыгып барганда. Майрамдарды чогуу белгилеп, Достугубуз өтсүн балдарга.