Казахские песни Узбекские песни

Песня «Дос»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Акырындап баары иргелет,
Акыреттик достор бир келет…
Арттан жөлөп, күйгөн мен үчүн,
Андай досту айтчы ким берет..?

Жыгылдым, кыйналдым, толгондум,
Сыноосунда тагдыр жолдордун.
Кеңеш айтып, тартып колумдан,
Ошондо да бирге сен болдуң.

Мен сени жакшы көрөм досум,
Бул достукту Кудай колдосун!
Ортодогу таза мамиле,
Кылымдарга чейин орносун ээй!

Өмүрдө биз эки кош канат,
Биздин достук өчпөй сакталат.
Достун досу сендей болот деп,
Айткым келет талбай кайталап ээй!

Жаш кезден бекемдеп тамырын,
Чын достукту курдук акырын.
Бир нанды да тең бөлүп жеген,
Мага кымбат сенин кадырың.

Тиленем, суранам ар таңда,
Токсон, жүзгө чыгып барганда.
Майрамдарды чогуу белгилеп,
Достугубуз өтсүн балдарга.

Другие песни исполнителя:

  • Музыкам сен болдуң, Муз эрип жүрөктөгү. Муңумду таратып, Жылмайып күлөт пери. Эңсетип өзүңдү, Эмне эле күн өтпөдү? Ээлигип жай бербей, Жүрөгүм сүйөт сени. Кайырма: Менин да сүйүүм ушундай, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап Бакыттын кушун учурбай. Көздөрүң балбылдап Көңүлдүн шам чырагы. Көзүңдүн жарыгын Башкалар мендей туябы? Күлгөнүң шыңгырап, Туптунук тоо булагы. Күмүштөй күлкүңдү Бөлөктөр мендей угабы? Кайырма: Менин да сүйүүм ушундай, Сенин да сүйүүң ушундай. Тагдырдын тартуусун, Белегин тосуп бирге. Калалы бек кармап, Бакыттын кушун учурбай.
  • Жигитсиңби, бир сөзүңдөн танбагын, Кызыл гүлдү сабагынан кармагын. Көрүнгөнгө көрүнгөндөй сөз айтпай, Ошол кызга ак сүйүүңдү арна, арнагын. Кайырма: Аралаба топ кыздарды, Кыздын баркы кетпейби. Арасынан бирди сүйсөң, Ошол эле жетпейби. Асманда ай да сулуу, күн да сулуу. Ар бир адам өз-өзүнө айдай сулуу. Асманда жымыңдаган жылдыздардай, Сүйгөнүм ого бетер айдай сулуу. Кайырма: Аралаба топ гүлдөрдү, Гүлдүн баркы кетпейби. Арасынан бирди үзсөң, Ошол эле жетпейби.
  • Бакыттын багын аралап, Жүрөктөрдө сезим жаралат. Кубаныч коштоп өмүрүңдү, Ашыктык бакытты бере алат. Калкып учкан сымал асманда бийик Кыялымды сууруп. Керемет го чындыгында, Бир өмүр жүрсөң сүйүп. Кайырма: Ашык болуу, ашык болуу Жашоону оро жалын-нурга. Ашык болуу, жашып коюу, Сүйгөнүңө жолугууга. Сен баалай бил, Сен арнай бил, сезим жандаганда. Ашып болуу ачып берүү жүрөгүңдү бир адамга. Ашык болуу деген сыйкыр сезим эгер билсең, Канат байлап алып учат куса болуп жүрсөң. Жалгыздыкта калган кезде жүрөк сыздап турат, Сагындырат, жалындырат. Убагында сездим, ашыктыктын даамын, Сезим келер менен мага унуттум го баарын. Махабаттын өзүн бакыт десем, Ашык болуп жүрүү өзү бакыт экен. Махабат бакыт барагы, Ашык болуу жүрөк талабы. Себепкер болсо сүйүүбүз, Тагдырды бирге жазайлы. Тунук сүйүү барда жүрөктөр тоңбойт, Мерездик болбойт. Ашыктарды ар дайым, Жараткан өзү колдойт.
  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма:
  • Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, Жезде дечүң мени жалгыз сен эле. Бара-бара эркелигиң жоголуп, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Тез эле… Кайырма: Балдыз, балдыз, неге жалгыз, Ыйлайсың сен күн алыс? Тандап терген, белестерден, Сага жездең гүл карыз. Эстейм, аттиң, баары күндөй кеч эле, «Сүйүү эмне?» деп сураганың эсимде. Сүйүнчүлөп тыя албастан күлкүңдү, Кадам койдуң сен, секелек, Кадам койдуң сен, секелек, Сезимге… Кайырма: Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, «Кел, жезде» деп чай сунганың эсимде. Эми сен да төктүң сүйүү көз жашын, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Тез эле… Кайырма: