Казахские песни Узбекские песни

Песня «Унутпа»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Экөөбүз жолукчу жер,
Көлдүн жээги, аба салкын ааай,
Күндөгүдөн баскандарын,
Бүгүн эртен, арбын арбын, ааай.

Шашкансып толкундарды кечип өттүм,
Кол сунуп, жолугарда ойго чөктүң,
Ойумда эч нерсе жок ай кучактасам ааай,
Башкага жар болдум деп, башкага жар болдум деп ыйлап өптүм.

Махабат бооруң ташпы,
Агыздың го көздөн жашты ааай,
Бактымды кармай албай,
Бул сүйүүдөн көңүл калды ааай.

Тилеген ой бар эле дагы канча,
Сөз бүтпөй сүйлөшө элек ай чыкканча ааай,
Алтыным кош болгун деп, кете бердиң
Көзүмдөн акты жашым, көзүмдөн акты жашым узаганча

Кызарып күн жаныдан,
Тоого кирип баткан эле ааай,
Көл дагы коштошконсуп,
Жээке сунуп чачкан эле ааай.

Кааларым бакыт кошуп таабарыңды
Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды
Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай,
Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды,
Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды.

Тоого кирип баткан эле ааай,
Көл дагы коштошконсуп,
Жээке сунуп чачкан эле ааай.
Кааларым бакыт кошуп таабарыңды
Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды

Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай,
Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды,
Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды.

Другие песни исполнителя:

  • Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын, Сени менен кол кармашып дайым. Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым, Сездим окшойт мен бакыттын даамын Кайырма: Эки жүрөк бирге болсочу, Экөөбүзгө бакыт консочу, Бекем болуп өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Эки жүрөк бирге болсочу, Оротобузга сүйүү орносун Кел жашоомду өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым Сени менен бир болойун жаным, Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары, Сага гана эркелейин дайым Кайырма:
  • Капаланып күндөр таарына берет, Эрке мүнөз экенин өзү сезет. Башкалардан өзүн өйдөрөөк көрөт, Көп кыздардан бирок өзгөчөлөнөт. Кайырма: Эрке кыз ыйлайт, кыйнайт, Жүрөк сыздатат. Сүйлөбөй коет, ойнойт, Ичте сыр катат. Таарынычын жазсаң, тил тапсаң, Назик үн катат. Маанайын ачса, муң качса, Күлүп нур чачат. Таарынат, бул ар бир сөзгө асылат, Катуу айтсаң дароо көзүн качырат. Көңүл бөлсөң бирок гүлдөй ачылат, Көздөрүнөн бакыт нуру чачырап. Бир көргөндө жагат анын келбети, Каректери укмуш, көлдүн бермети. Тикени болот роза гүлүнүн дагы, Тилин тапсаң бейиш сага жер бети.
  • Айлуу түндө мен жалгыз, Отурамын сени эстеп. Бирге жүргөн күндөрдү, Сагынып жүрөк эңсеп. Унута албай келем мен өзүңдү, Балбылдап жанган кара көзүңдү. Сагындым ошол чексиз күндөрдү, Саргайтпай келчи жүрөктү. Сагындым жаным, сени сагындым, Махабаттын отуна малындым. Арбалып сүйүү отуна жаным, Азаптуу күнгө кабылдым. Азаптуу күнгө кабылдым. Карай берем жолуңду, Келеби деп кайрылып. Ушул бойдон өзүңдөн, Каламбы же айрылып. Кабарыңды айтпадың, Өзүңдү мен таппадым. Унута албай, сыздап ыйладым.
  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Мен, мен сени сүйөмүн, Мен, мен сени сүйөмүн. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Көпөлөгүм.