Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жеңеке»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Калкым жыйылып, жүрөк сүйүнүп,
Кыргыз элим салтанаттуу тоюн баштады.
Баары карашып, жоолук жарашып,
Босогону жаңы жеңем аста аттады.
Жүзү кут жанып, жаштар суктанып,
Жүгүнгөндө жалпыга жарыгын чачат.
Бир аз уялып, бир аз кубанып,
Байкем менен ортодо жанашып басат.

Кайырма:

Айдай жеңеке, күндөй жеңеке,
Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге.
Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке,
Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген.
Таң эрте туруп, кызматын кылып,

Таза сактап үй ичине бакыт сунасың.
Көтөрүп чака, барсаң суу жакка,
Кайнилериң жарыштырып ашык кыласың.
Кайын журт баары, жашы да кары,
Кызы сымал жактырып көрүшсө экен дейм.
Колуңан дайым чай ичкен сайын,
Келечекте сендей жар жолукса экен дейм.

Кайырм:

Айдай жеңеке, күндөй жеңеке,
Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге.
Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке,
Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген.

Айдай жеңеке, күндөй жеңеке,
Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге.
Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке,
Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген.

Айдай жеңеке, күндөй жеңеке,
Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге.
Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке,
Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген.

Другие песни исполнителя:

  • Күлөсүң, күлөсүң, тоготпой жүрөсүң, Ансайын байланып мен сени сүйөмүн. Жаным, сага мен канткенде жагамын? Кызганам, кызганам, өзүңдү башкадан, Кыйнабай түшүнчү сезимди, суранам, Жаным, сага мен канткенде жагамын? Кайырма: Кериле сулуу басса керемет, Табышмак болуп мага сезилет. Амалын таппай жүрөк эзилет, Жаным, сага мен канткенде жагамын? Артыңдан калбадым, көңүлүң бурбадың, Гүлүмдү сунсам мен, кол сунуп албадың. Жаным, сага мен канткенде жагамын? Издетип өзүңдү жүргөндү сүйөсүң, Жолуксак капыстан назданып күлөсүң. Жаным, сага мен канткенде жагамын? Кайырма: Кериле сулуу басса керемет, Табышмак болуп мага сезилет. Амалын таппай жүрөк эзилет, Жаным, сага мен канткенде жагамын? Жанаша бассам мени теңсинбей, Көтөрдүң боюң мага ченебей. Сүйүүмдү айтсам койдуң кенебей, Жаным, сага мен канткенде жагамын?
  • Айт, неге, эмнеге айдай жүзүңдү сен менден жашырып алдың? Ансайын азгырып барасың. Ким үчүн, не үчүн берген белектериме эч көңүл бурбадың? Ойлонуп чын эле чарчадым. Карап, карап керилесиң, мадам, Басасың жанымдан. Чачтарың жазылган, Карап, карап, жаным, сүйгөн жамалыңды, Сылап өткөн салкын желден кызганып барам. Кайырма: Алдап, алдап, неге мени сезбей койдуң? Ах, жүрөктү ойдуң. Кайра мага жылмаюуңду дагы сездим Эх, жүрөктү эздиң. Жок дебе, издебе шылтоо кылып менден, жаным, алыстай бербе, Билемин сүйөсүң сен мени. Байкатпай беймарал жүрөсүң го, а бирок сен жолуксам дейсиң, Кантсең да жашырба сезимди. Карап, карап керилесиң, мадам, Басасың жанымдан, Чачтарың жазылган. Карап, карап, жаным, сүйгөн жамалыңды, Сылап өткөн салкын желден кызганып барам. Кайырма: Алдап, алдап неге мени сезбей койдуң? Ах, жүрөктү ойдуң. Кайра мага жылмаюуңду дагы сездим, Эх, жүрөктү эздиң.
  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар, Балдай таттуу сүйүү таптыңар. Көңүл кушу бири-бирин жактырып, Кош ак куудай канат кактыңар. Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп, Той өткөрүп турган чактыңар. Келиңиздер деп сыйга чакырып, Конокторго эшик ачтыңар. Кайырма: Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган. Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын, Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын. Куда болуп эки тарап достошуп, Кубанычтар толкуп агылсын. Куттуктайлы эки жашты чын дилден, Коломтоңор өчпөй жагылсын. Ак сакалдардын батасы тийип, Алдей үнү үйдө жаңырсын. Кайырма:
  • Күлсөң эгер назарыңдан, Күн шооласы чачылат. Күлмүңдөгөн ажарыңдан, Көңүл чери жазылат. Карегиңде бир сырың бар катылган, Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган. Селкинчек сезимдерге күүлөнүп, Сейил куруп жүрөлүк. Сырымды ачык айтсам жашырбай, Сага сүйүүм түбөлүк. Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп, Жанашып биз жүрөлүк. Жан дүйнөм ашыктыкка берилип, Жакшы көрөм түбөлүк. Жылытасың илебиңе, Жалындаган от сындуу. Жакындашып тилегиме, Жаштыкка нур коштуңбу? Бийиктеги махабат жылдызымды, Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?
  • Калкым жыйылып, жүрөк сүйүнүп, Кыргыз элим салтанаттуу тоюн баштады. Баары карашып, жоолук жарашып, Босогону жаңы жеңем аста аттады. Жүзү кут жанып, жаштар суктанып, Жүгүнгөндө жалпыга жарыгын чачат. Бир аз уялып, бир аз кубанып, Байкем менен ортодо жанашып басат. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Таң эрте туруп, кызматын кылып, Таза сактап уйти ичине бакыт сунасың. Көтөрүп чака, барсаң суу жакка, Кайнилериң жарыштырып ашык кыласың. Кайын журт баары, жашы да кары, Кызы сымал жактырып көрүшсө экен дейм. Колуңан дайым чай ичкен сайын, Келечекте сендей жар жолукса экен дейм. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген.