Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным, сага мен канткенде жагамын?»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күлөсүң, күлөсүң, тоготпой жүрөсүң,
Ансайын байланып мен сени сүйөмүн.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кызганам, кызганам, өзүңдү башкадан,
Кыйнабай түшүнчү сезимди, суранам,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Артыңдан калбадым, көңүлүң бурбадың,
Гүлүмдү сунсам мен, кол сунуп албадың.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Издетип өзүңдү жүргөндү сүйөсүң,
Жолуксак капыстан назданып күлөсүң.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Жанаша бассам мени теңсинбей,
Көтөрдүң боюң мага ченебей.
Сүйүүмдү айтсам койдуң кенебей,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Другие песни исполнителя:

  • Бүтпөйт го эч качан иш деген, Жүргүлө көлүмө биз менен. Эс алуу жээгинде эң сонун, Эңсөөнү табасың издеген. Толкуну Ысык-Көлүмдүн, Толкутуп турат өмүрдү, Ыр-бийге толуп шаңданып, Ар бир күн өтөт көңүлдүү. Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм, Кучагын жайып чакырат, го. Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм, Жээгине баарын батырат, го. Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм, Жүрөккө сүйүү толтур да, Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм, Жаныма кубат толкундар. Ач чардак көл үстүн айланып, Ажары күү болуп чертилер. Ак кеме үн салып айдалып, Азгырат чиркин, сымбаттуу селкилер. Кыз-жигиттер жээктеги. Кыналып бүтпөйт кептери, Ырахат менен куурчалган, Ысык-Көлүмдүн кечтери. Кайырма: Аба ырайы күн ысык кезде, Керектүү буюмдарды тезден, Чогултам мен, чогултат досторум. Баарыбыз көл жээгинде бирге таңды тоскону, Нурлар менен кубат алып, позитивди кошкону. Баратам Ысык-Көл, керемети Салкын-Төр, Калды саналуу мүнөттөр, Сүйүнүч бардай жүрөктө, Өтүп нечен чакырым, жай, ылдам, акырын. Кирип келдик Ысык-Көлгө, Жанымда бар жакыным. Ысык-Көл керемети, кыргызымдын бермети. Байлыгым Ысык-Көл, Балуу, сыймыгым Ысык-Көл. Келер дарегим Ысык-Көл, Көрөр карегим Ысык-Көл.
  • Мен жалгыз, жалгыз, сезимдер алсыз, Сагынуудан башка таппаймын айла, Жолуккан күндөр, жомоктой түндөр Кайда, кайда? Кайырма: Мейли, мейли жүрөгүмдү жылытпай, Мейли, мейли учуп кетсең булуттай. Бийик коюп сүйүүнү намысымдан, Бир өзүңдү сүйөмүн унутпай. Эңсетип жанды, эсиңде барбы, Эгиздердей чогу тосчубуз таңды. Тунук махабат, жүрөк жаралап, Кайда калды? Кайырма:
  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Мен, мен сени сүйөмүн, Мен, мен сени сүйөмүн. Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Көпөлөгүм.
  • Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың, Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың? Канчалык сүйөрүмдү билесиңби, Айла жок мен сага эми кош айтамын. Кайырма: Мен эми кайгырбайм, Сени эстеп көзгө жаш албайм, Жүрөгүм ыйласа да, сен деп, Болду эми сагынбайм Мени издеп кайрылба, Кечиктиң эми садага, Сен кеттиң, эми сен сагынба. Бир кезде ээрчишкен махабатым элең, Түбөлүк жанымда, болом дечү элең. Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу, Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.