Казахские песни Узбекские песни

Песня «Неге алдадың?»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакыттын даамы сезилбей кетти,
Себеби анын өзүңсүң
Ашыктык оту арманга өттү
Бир келип кеткен сезимсиң
Кайырма:
Неге, неге арбадың?
Неге мени алдадың?
Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде
Башка жолду тандадың.
Неге, неге арбадың?
Неге жаным алдадың?
Жүрөк ээси сен деп жүрсөм
Башканы сен тандадың.
Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм
Кыялбай жүрөм өзүңдү.
Сагындым жаным, кол кармап дайым
Жетелеп жүргөн кезимди.
Кайырма:
Неге, неге арбадың?
Неге мени алдадың?
Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде
Башка жолду тандадың.
Неге, неге арбадың?
Неге жаным алдадың?
Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм
Башканы сен тандадың.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың, Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың? Канчалык сүйөрүмдү билесиңби, Айла жок мен сага эми кош айтамын. Кайырма: Мен эми кайгырбайм, Сени эстеп көзгө жаш албайм, Жүрөгүм ыйласа да, сен деп, Болду эми сагынбайм Мени издеп кайрылба, Кечиктиң эми садага, Сен кеттиң, эми сен сагынба. Бир кезде ээрчишкен махабатым элең, Түбөлүк жанымда, болом дечү элең. Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу, Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.
  • Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө, Жамгырдай толгон карек жашын сепсе. Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен? Жанымдын кыйналганын жаның сезсе. Кайырма: Сезбеди сагынганым сенин жаның, Саргартып кан жүрөктү ажарладың. Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным, Жутпадым сен жыттанган, Жутпадым сен жыттанган, Сүйүү балын. Айта албай убакыттын эрте-кечин, Сыялап сырлар жазат кагаз бетин. Кетипсиң кайра келбес сапарыңа, Калтырып махабаттын ыр-кесесин. Кайырма: Конбодуң чынарымдын бутагына, Кыспадың койнуң толо кучагыңа. Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң, Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.
  • Билбейм неге ээлеп алдың ойлорумду, Түшкө кирдиң, сен да мени ойлодуңбү? Үмүтүм өчүп-жанып турган кезде, Бир жылмайып койбодуңбу? Кайырма: Таттуу махабатым, сага ыр сунамын, Мени жандап турсаң ар дайым Бакытка кабыламын. Таттуу махабатым, сени издеп таптым, Ширин сүйлөп турсаң ар дайым Сезимге багынайын. Көздөрүңө байланамын эркем менин, Сезип турам келет сенин эркелегиң. Жашоодо кол кармашып бирге болсок, Жаркын болот келечегим. Кайырма:
  • Кыска этек киесиң, Кылыктуу жылмайып жүрөсүң. Кыйналып ичимден, Кызганып жатканым билесиң. Сымбатың менен сыйкырлап мени, Санаага ойду чырмап салдың. Жашоомо бакыт тартуулап анан, Жүрөктү аста уурдап алдың. Кайырма: Саамайыңа күндү илейин, Сен да мага көңүл бурчу! Махабатым билдирейин, Токтой турчу! Сезимимди океандай, Сен да туюп кабыл алчы. Эзе бербей өчүң бардай, Аясаңчы! Көзүңдү боёйсуң, Көңүлдү азгырып коёсуң. Кокустан кез келсек, Көрсөң да, көрмөксөн болосуң. Жамалың менен жадырап карап, Жанымды торго илип алдың. Жомокто сулуу периште сымал, Жүрөккө аста кирип алдың.