Казахские песни Узбекские песни

Песня «Таттуу махабатым»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билбейм неге ээлеп алдың ойлорумду,
Түшкө кирдиң, сен да мени ойлодуңбү?
Үмүтүм өчүп-жанып турган кезде,
Бир жылмайып койбодуңбу?
Кайырма:
Таттуу махабатым, сага ыр сунамын,
Мени жандап турсаң ар дайым
Бакытка кабыламын.
Таттуу махабатым, сени издеп таптым,
Ширин сүйлөп турсаң ар дайым
Сезимге багынайын.
Көздөрүңө байланамын эркем менин,
Сезип турам келет сенин эркелегиң.
Жашоодо кол кармашып бирге болсок,
Жаркын болот келечегим.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
  • Акырындап баары иргелет, Акыреттик достор бир келет… Арттан жөлөп, күйгөн мен үчүн, Андай досту айтчы ким берет..? Жыгылдым, кыйналдым, толгондум, Сыноосунда тагдыр жолдордун. Кеңеш айтып, тартып колумдан, Ошондо да бирге сен болдуң. Мен сени жакшы көрөм досум, Бул достукту Кудай колдосун! Ортодогу таза мамиле, Кылымдарга чейин орносун ээй! Өмүрдө биз эки кош канат, Биздин достук өчпөй сакталат. Достун досу сендей болот деп, Айткым келет талбай кайталап ээй! Жаш кезден бекемдеп тамырын, Чын достукту курдук акырын. Бир нанды да тең бөлүп жеген, Мага кымбат сенин кадырың. Тиленем, суранам ар таңда, Токсон, жүзгө чыгып барганда. Майрамдарды чогуу белгилеп, Достугубуз өтсүн балдарга.
  • Капысынан жолуктум Марбия Марбия Көрүп сени олуктум Марбия Марбия Жамалыңа суктандым Марбия Марбия Уйгур кызы адеми Марбия Марбия Кайырма: Көздөрүңдү көргөндө Марбия Марбия Көздөрүңдү көргөндө Марбия Марбия Тартып мени арбады Марбия Марбия Арбады да кармады Марбия Марбия Карагаттай көздөрүңдөн Марбия Марбия Балдай ширин сөзүңдөн Марбия Марбия Сезимим сага байланды Марбия Марбия Күлүп турган жүзүңдөн Марбия Марбия
  • Кудай кошкон досторум бир туугандай ар бириң Кубанып да кайгырып аппак дайым сезилип Эки дүйнө бир болушат достор гана түбөлүк Ыйык сактап ынтымакта достор аман жүрөлүк Кайырма: Кел достор бирге көңүл ачып бул кечте Олтуралы достор көз тийбесин бизге Дайым бир болуп достук күчүн колдонуп Алга умтулалы элге үлгү болуп Жакшылыкта кубанып жандап дайым жүрүшөт Башка түшсө арман күн кайгы муңду бөлүшөт Жөлөгөн да таяган да достук адам канаты Сыймыктанган суктандырган досторум бар карачы Макул болот ар дайым мени менен жүр десең Кызыгы жок өмүрдүн достук баркын билбесең Жакшылыкта жамандыкта сына досту издесең Акыретте куткара алган досуң болот ким десең
  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма: