Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бийле»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүрдүн нуру жанат,
Кубантып сени карайт,
Тартынбай бийле.
Бакыттын балы тамат,
Көңүлүң обон салат,
Кубанып бийле.
Жакшылык шамы бийде,
Жанашып бийле.
Бакыттын нуру бийде,
Баарыңар бийлегиле.
Кайырма:
Бийле, бийле,
Жаркырап бийге,
Эл менен бийле.
Бийле, бийле,
Тартылып бийге,
Биз менен бийле.
Кайырма:
Жадырап майрам дагы,
Сезилет жашоо даамы,
Жаркырап бийле.
Жүрөктө сүйүү болуп,
Көңүлүң ырга толуп,
Талпынып бийле.
Жакшылык шамы бийде,
Жанашып бийле.
Бакыттын нуру бийде,
Баарыңар бийлегиле.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кайырма: Үйлөнүү тоюң кут болсун, Үйүңө бакыт куш консун. Тамшанып жүрүп издеген, ай, Татына кызга туш болдуң. Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн, Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн. Түбөлүк сыйлап бириңди бириң, Көтөрүш керек сүйүү жүгүн. Кайырма Ак тойго келдим, ачылды эргүүм, Батасы тийсин бүгүн элдин. Жакшылык курчап, жарашып турса, Бардыгы болот ак тилек кылса. Кайырма
  • Көз кумарын кандырган, Көркөмүнө жан курман. Эң бир ыйык жерибиз, Эргүү табат ар бир жан. Өмүрүбүз кулпунат, Өрдү карай умтулат. Кемибесин бактыбыз, Керек бизге ынтымак. Кайырма: Көңүлүбүз куш болсун, Көлдөй ырыс туш болсун. Алакандай кыргызга, Ала-Тоодой кут консун. Башты бийик көтөргүн Байлыгы сен мекендин Үлгү болсоң балаңа, Үмүтүңө жетерсин. Ден соолук бер дегиле, Дем кошулат демиңе. Тилегенди өзүмө, Тилеп келем элиме. Кайырма:
  • Жашоо, жашоо, жашоо керемет, Бул жашоодо өмүр, өмүр бир келет. Ошондуктан, достор, келгин ырдайлы, Күлкү менен шаттык бизди терметет. Кайырма: Боло электе бир арман, Ырдагыла, жаштар, ай. Биздин заман нур заман, Шаттангыла, жаштар, ай, Өтсө дагы жылдар, жылдар арадан, Өчпөсө экен шаттык, шаттык заманам, Бактылуу бол, достор, аман бол, элим, Тилегеним ошол ошол Кудайдан. Кайырма: Боло электе бир арман, Ырдагыла, жаштар, ай. Биздин заман нур заман, Шаттангыла, жаштар, ай,
  • Мейли тагдыр мага башың ийбегин Мейли тагдыр мага жарык тийбесин Бул жашоомдо турсун жарык күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин. Медер туткан ата-энеме тийбегин. Мейли тагдыр өкчөп-калчап бийлегин Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын Суранаарым балдарыма тийбегин. Суранаарым балдарыма тийбегин. Мейли тагдыр сыйлыгыңды бербегиң Байлыгыңды маңдайыма илбегин. Андан өткөн мага байлык, бакыт жок, ай, Суранаарым жакыныма тийбегин. Биртууганым, бир боорума тийбегин Мейли тагдыр мага башың ийбегин Мейли тагдыр мага жарык тийбесин Бул жашоомдо турсун дайым күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын Суранарым ата-энеме тийбегин. Суранарым балдарыма тийбегин. Суранарым эл-журтума тийбегин.