Казахские песни Татарский переводчик Башкирские песни

Анжелика Кайратовна.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Анжелика Кайратовна

  • Сени менен ачамын Өмүрдө достук барагын, Жалгыз менин бир тууганымдай. Жашоо турмуш ырыңды Жан дүйнө жүрөк сырыңды Сезип турам ар качан Кайырма Жан курбум дайыма — шам чырагым, кубаныч кайгыңда жаныңдамын. Жашоодо мен сенин канатыңмын, менин курбум- жалгыз курбум Өзүң барсың мен үшин Мен бармын курбым сен үшин Жылдар, айлар алыстасада Бырге шыгып ойымыз, Тең болмасада жасымыз бырдей быздын жанымыз Кайырма Жан курбым жанымда жан шырагым, Куаныш кайгыда жаныңдамын Самгасаң мен сенын канатыңмын Менин курбым- жалгыс курбым Улутубуз, жаныбыз болсо да башка каныбыз, Жашоодо мен сенин- канатыңмын. Менин курбум- жалгыз курбум. Кайырма(кырг) Жан курбум дайыма — шам чырагым, кубаныч кайгыңда жаныңдамын. Жашоодо мен сенин канатыңмын, менин курбум- жалгыз курбум
  • Эрке кыз элең шаңга бөлөгөн үйүбүздү, Элпегим элең эки кылбаган тилибизди. Эми бой жетип узап жатасың түгөйүңө, Мыкты жар болгун, бакыт орносун. Жарык кыла бер жүзүбүздү Кайырма: Эрке кызып, эстүү кызып, Эми сен да турмуш курасың Бактылуу бол, ачылсын жол, Барган жериң дагы кубансын. Салам салып тур барган жериңе салтты бузбай, Кайын журтуңа кайрымдуу болгун өз кызыңдай. Жөлөгү болгун, тиреги болгун түгөйүңө, Боорукер эне, бир тууган жеңе, Меймандос болгун кыргызымдай. Кайырма:
  • Сен барда бул өмүрдө багым бар бул күндө, Жашоомдун мезгилдерин бөлөдүң түркүнгө. Жаз болуп сезимдерим ар убак жаңырат, Сен менин, кечим менин, бакытты чакырат. Кайырма: Бактылуумун, бактылуумун өзүң бар үчүн, Сездим бүгүн таттуулугун өмүр балы үчүн. Бул дүйнөдө менин сүйүүм жалгыз сен үчүн, Жылмайганым, наздуулугум өзүң бар үчүн. Көңүлдүн жарыгысың нурданткан тилекти, Жанымдын жарымысың агарткан жүрөктү. Сен барда бар ырысым жашарткан үмүттү, Салбасын сүйүүбүзгө эч ким бүлүктү. Кайырма:
  • Жүрөктү эледиң бир өзүң Көңүлдү жибитти мүнөзүң Түбөлүк бир болуп өтсөк деп тилеймин Сен менен бакыттын даамын татамын Өзүңсүз күндөрдөн качамын Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи Узун жолдо бул жашоодо Сен менен бир болсом Бакыт конот Сүйүү болот Бир өзүң колдосо Өмүрүмдү көңүлүмдү бир сага арнайын Сүйүү менен жалгыз сени ар дайым арбайын Сен менен бир болсом ак таңда Кубаныч көтөрөт асманга Дайармын махабат суусуна акканга Өзүңсүң жандаган менин жыргалым Бир сага арналат ырларым Жанымдан кетбечи Дайым жаным дечи Жүрөктү эледиң көңүлдү жибиттиң Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи Сен менен бир болом бир өзүң колдосоң Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи
  • Над осколками льда, ты идешь без следа, Не замечая ярких огней. Вспоминая тебя, закрываю глаза, В поисках вечных радужных дней. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба. Кайырма: Теплые дни нас унесли, Мы с тобою волною накрылись одни, Ты обними.Буду рядом с тобой душою на вечность Скорость быстрого дня, не дает мне понять. Сводят с ума пустые мечты. Я любовью грешна, но поймут облака. Искренность в этой страстной любви. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба.
  • Жамгырда чуркап жүргөнмүн, Жадабай ойноп-күлгөнмүн, Карлыгач болуп учканбы, балалыгым. Баягы тунук жок сезим, Каякта калды шок кезим, Кайрып бир алар күч барбы, балалыгым. Кайырма: Канча самаганга карабай, Кайра боло албайбыз баладай. Эми балам чуркап жамгырда, Мендей ойноп-күлөт жадабай. Ажайып күндүн биринде, Акырын мага билинбей, Качтыбы алтын балыктай, балалыгым. Асманың ачык чайыттай, Алыска кетпей, чалыкпай, Жүрө бер жайнап бактылуу, балалыгым. Кайырма: Канча самаганга карабай, Кайра боло албайбыз баладай. Эми балам чуркап жамгырда, Мендей ойноп-күлөт жадабай.
  • Бул менин ачкычым, Айтамын ачыгын. Ыр сунуп сизге ырдаган Көнүлдүн тереңинде, От болуп келемин мен Жан дүйнө үнүн тыңдаган. Гүл сунуп ыр сунуп келемин. Шаңга толуп ар бир күнүң, Кайгы муңду калтыр бүгүн. Ар бир жанга тилегеним, Бул ыргакты тапкын бүгүн. Маанайлар чөкпөсүн, Өмүр жаш өчпөсүн Жүрөктө обон турганда. Кучагын жайып турган, Сезимди айыктырган. Музыка жана ыр гана. Гүл сунуп, ыр сунуп келемин
  • Мен күткөн ханзадам, Сени көрсөм кубанам. Жашоомо көрк берген, Бакытым — сен. Кайырма: Сен менин — ачык асманым, Сен менен атсын ак таңым. Соолубас бейиш көлүндөй, Сүйүүбүз биздин жашасын. Сагынам зарыга, Алыстасаң жанымдан. Өмүрүм сен менен, Жүрөгүм — сен. Кайырма: Баал тилдүү, шириним, Сөзүң мени жибитет. Жүрөккө сөзү өткөн, Жалгызым – сен. Кайырма:
  • Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө, Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын гүлүн терген өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным, сага кагылып. Кирпик какпай таң атырам далай түн, Карааныңды бир көргөнгө зарылып. Сен унутсаң, мен унута албадым, Элесиңди көңүлгө бек кармадым. Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Көз кумарын кандырган, Көркөмүнө жан курман. Эң бир ыйык жерибиз, Эргүү табат ар бир жан. Өмүрүбүз кулпунат, Өрдү карай умтулат. Кемибесин бактыбыз, Керек бизге ынтымак. Кайырма: Көңүлүбүз куш болсун, Көлдөй ырыс туш болсун. Алакандай кыргызга, Ала-Тоодой кут консун. Башты бийик көтөргүн Байлыгы сен мекендин Үлгү болсоң балаңа, Үмүтүңө жетерсин. Ден соолук бер дегиле, Дем кошулат демиңе. Тилегенди өзүмө, Тилеп келем элиме. Кайырма:
  • Кайырма: Махабатым, махабатым, Гүл болуп ыргаласың. Күн болуп нурданасың, Жашоодо жакшы обондой. Татынам, жылмаясың, Талпынтып ыр канатың. Байланып кирпигиңе, Бакыттай бир карашың. Кайырма: Алтын чач мөл булагым, Тамчыдан көл курадым. Кумарлуу көл жээгинде, Кубанып мен турамын. Кайырма: Сен үчүн жандырамын, Сезимдин шам чырагын. Ыйбалуу наздыгымды, Ырыма калтырамын. Кайырма:
  • Бак ичинде жүрөсүң күлүп-жайнап, Бажырайган көздөрүң алды арбап. Байкабадың жанымдан өтүп жатып, Бажырайган кызыл гүл колго кармап. Кайырма: Кызыл гүлүм ай, кызыктырдың ай, Аппак гүлүм ай, алгач сүйүүм ай. Көлөкөдө жүрөсүң күлүп-жайнап, Көңүлүңдү койбодуң го мага арнап. Чоктой беле көздөрүң күйүп-жанган, Гүлдөрүңдөн сунуп кой мага арнап. Кайырма: Гүл жытына мас болуп термелемин, Ок аткандай мен өзүңө сермелемин. Кокус сени чочутуп албайын деп, Арт жагыңан акмалап мен келемин. Кайырма:
  • Сага гана айтамын жан сырымды, Сага гана арнаймын жакшы ырымды. Салтанаттуу жашоонун сереси дейм, Сага гана байланган тагдырымды. Кайырма: Сени менен басканда, Серпилемин асманга. Махабатым мен сени, Ыраазымын тапканга. Сезимимде сел жүрөт, Салам айтам ак таңга. Арбалам, ай, кармалам, Сүйүү деген дастанга. Көктөмдөргө бөлөнгөн көңүлүмдү, Көп айтамын, колдо деп Теңиримди. Жылдыздарга окшотом, жылдыздарга, Сага гана арналган өмүрүмдү. Кайырма: Ырыскымды ыйгарган ыр дүйнөдөн, Ыраазымын миң ирет Жаратканга мен. Асыл ойду беттеген аруу тилек, Ак нур жааган жолумду сен деп билем. Кайырма:
  • Сен турган жер ыйык мага бейиштей, Сени менен телегейим тегиздей. Мени кандай мээнет менен өстүрдүң, Балалыктын бактысынан кемитпей. Кайырма: Апакем менин ынагым, Маңдайда өчпөс чырагым. Эсен-соо болуп биз менен Жайнасын көлдөй жамалың. Бейиш жыты, балким эне жытындай, Жыттап алсам жыргай түшөм ушундай. Болгон үчүн энелердин мээрими, Бүтүн бойдон турат дүйнө бузулбай. Кайырма:
  • Көңүлдө көптөн бери жашап, Жүрөт жакшына бир жигит. Кетпей койду түшүмдөн, Махабатым ал билип. Негедир баарынан кызганат, А кыздар мага суктанат. Арзуунун ырын ырдап берет, Сезимди кытыгылап. Кайырма: Таптаза сезимиң мөлтүр булактай, Таарынычың таңкы бубактай. Көздөрүң жайнаган, жанган шам чырак, Көңүлүм сага тартылат. Керемет сезим бар мени арбаган, Бир жакшы сөзүм бар сага арнаган. Сырдуу жигит, сендик менин жүрөгүм, Сени гана сүйөмүн. Тымызын мен да жактырамын, Айтпайм, бирок сүйүүмдү жашырам. Тик карабай көзүңө, Көздөрүмдү качырамын. Бир сезим көңүлдү шат кылат, Кыялым сен жакка азгырат. Арбалып көңүл, Сен ырдаган ырларды жактырамын. Кайырма:
  • Кайырма: Үйлөнүү тоюң кут болсун, Үйүңө бакыт куш консун. Тамшанып жүрүп издеген, ай, Татына кызга туш болдуң. Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн, Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн. Түбөлүк сыйлап бириңди бириң, Көтөрүш керек сүйүү жүгүн. Кайырма Ак тойго келдим, ачылды эргүүм, Батасы тийсин бүгүн элдин. Жакшылык курчап, жарашып турса, Бардыгы болот ак тилек кылса. Кайырма
  • Турдуң да мага сүйкүм күлүп, Арначы назик махабатың. Мен да арнайын өмүрүмдү, Алтыным менин, сен кымбатым. Кайырма: Сен жөнүндө ойго курчалдым, Жүрө албаймын жаным тынч алып. Тынч уйкумду уурдап кеттиң го, Садагасы, кетем зарыгып. Сен жөнүндө ойго толгонуп, Айлуу түндө кетем ойгонуп. Сени жоготкондон коркомун, Сагынамын дале ойлонуп. Тартынбачы, келчи, келсеңчи, Арзуу деген нурун сепсеңчи. Өмүр бою сүйүү дастаны, Болсун бизге өмүр белеги. Кайырма:
  • Жашоо, жашоо, жашоо керемет, Бул жашоодо өмүр, өмүр бир келет. Ошондуктан, достор, келгин ырдайлы, Күлкү менен шаттык бизди терметет. Кайырма: Боло электе бир арман, Ырдагыла, жаштар, ай. Биздин заман нур заман, Шаттангыла, жаштар, ай, Өтсө дагы жылдар, жылдар арадан, Өчпөсө экен шаттык, шаттык заманам, Бактылуу бол, достор, аман бол, элим, Тилегеним ошол ошол Кудайдан. Кайырма: Боло электе бир арман, Ырдагыла, жаштар, ай. Биздин заман нур заман, Шаттангыла, жаштар, ай,
  • Ак булутту аралап ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат. Ата албайсың ак кууну оңой менен, Жете албайсың айга да жел ой менен. Жеткичекти жетпестен калган жакшы, Жетип азап жегиче, арман жакшы. Жетем десем сулуу ай, жетер элем, Көк деңизин булуттун кечер элем. Сүзө бергин алтын ай көгүң менен, Мен карайын өзүңдү теңим менен. Сага жакшы сезилсе булуттуу көк, Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
  • Кандай жакшы, кандай жакшы ошол көз ирмем, Бир жалт карап көздөр-көзгө тигилген Канчаларга кар кызындай муздак болсом да Канча курдай сенден сүрдөп ийилгем Кандай жакшы ошол көз ирмем. Кайырма: Жүрөккө эргүү себелеп, Кандайдыр бир нур, сезимдер керемет Көңүлдү көккө алып учат, ырахат себелеп Алгач сүйүү келди мага, Жүрөгүм туйлап согот кайра-кайра Көңүлдү алып учат алда-кайда Суранам сезимге ыр, сүйүү себеле, Жан дүйнөмө гүл көтөрүп күтөм келе кет Сен жазган кат сөздөрүң да, көздөрүң дагы Мага жагат жакшынакай боз улан, Артык көргөн бардык досуман. Кайырма:
  • Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма: Өткөн күндү сен эстедиңби, Жүрөгүмдү эзбедиңби сен. Көрбөй калсам сени, Сагынчу элем, мен күтүп сени. Сүйүү оту жанбай калды бизде эми, Балким, анда жок күнөөбүз, билбейм деги. Махабаттай арман барбы бул дүйнөдө? Эске салып өкүнөбүз биз да эми. Кайырма: Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң. Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң, Жылдар өтсүн арадан… Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма: