Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апакем»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен турган жер ыйык мага бейиштей,
Сени менен телегейим тегиздей.
Мени кандай мээнет менен өстүрдүң,
Балалыктын бактысынан кемитпей.
Кайырма:
Апакем менин ынагым,
Маңдайда өчпөс чырагым.
Эсен-соо болуп биз менен
Жайнасын көлдөй жамалың.
Бейиш жыты, балким эне жытындай,
Жыттап алсам жыргай түшөм ушундай.
Болгон үчүн энелердин мээрими,
Бүтүн бойдон турат дүйнө бузулбай.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Өмүрдүн нуру жанат, Кубантып сени карайт, Тартынбай бийле. Бакыттын балы тамат, Көңүлүң обон салат, Кубанып бийле. Жакшылык шамы бийде, Жанашып бийле. Бакыттын нуру бийде, Баарыңар бийлегиле. Кайырма: Бийле, бийле, Жаркырап бийге, Эл менен бийле. Бийле, бийле, Тартылып бийге, Биз менен бийле. Кайырма: Жадырап майрам дагы, Сезилет жашоо даамы, Жаркырап бийле. Жүрөктө сүйүү болуп, Көңүлүң ырга толуп, Талпынып бийле. Жакшылык шамы бийде, Жанашып бийле. Бакыттын нуру бийде, Баарыңар бийлегиле. Кайырма:
  • Жүрөктү эледиң бир өзүң Көңүлдү жибитти мүнөзүң Түбөлүк бир болуп өтсөк деп тилеймин Сен менен бакыттын даамын татамын Өзүңсүз күндөрдөн качамын Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи Узун жолдо бул жашоодо Сен менен бир болсом Бакыт конот Сүйүү болот Бир өзүң колдосо Өмүрүмдү көңүлүмдү бир сага арнайын Сүйүү менен жалгыз сени ар дайым арбайын Сен менен бир болсом ак таңда Кубаныч көтөрөт асманга Дайармын махабат суусуна акканга Өзүңсүң жандаган менин жыргалым Бир сага арналат ырларым Жанымдан кетбечи Дайым жаным дечи Жүрөктү эледиң көңүлдү жибиттиң Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи Сен менен бир болом бир өзүң колдосоң Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи
  • Тал талдап оргон чачыбыз Таалайлуу кыздар атыбыз. Тандагы булбул ондонуп ай Таншып бир ырдар чагыбыз. Сай сайга чыккан дарактын Саясы беле жалбырак. Сары оору болгон журоктун ай Дарысы беле кыз бурак. Ай нурун чачып кун жатса Жай гулун тан жел ыргалса. Эр жигит кулку салбайбын ай Эригип кыздар баратса.
  • Эрке кыз элең шаңга бөлөгөн үйүбүздү, Элпегим элең эки кылбаган тилибизди. Эми бой жетип узап жатасың түгөйүңө, Мыкты жар болгун, бакыт орносун. Жарык кыла бер жүзүбүздү Кайырма: Эрке кызып, эстүү кызып, Эми сен да турмуш курасың Бактылуу бол, ачылсын жол, Барган жериң дагы кубансын. Салам салып тур барган жериңе салтты бузбай, Кайын журтуңа кайрымдуу болгун өз кызыңдай. Жөлөгү болгун, тиреги болгун түгөйүңө, Боорукер эне, бир тууган жеңе, Меймандос болгун кыргызымдай. Кайырма:
  • Бала кезде балдай таттуу сүйлөптүрмүн, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Эркелетип мени апам бооруна кысса, Бул сезимди уят го деп сүрдөптүрмүн. Кайырма: Энекебай, эркелеткен мээримиңден, Эч бирөөгө теңелбеген эмгегиңден. Эми гана эне болуп сезип жатам, Бала жытын бакыт берген небереңден. Оо, энеке, өмүрүңүз узун болсун, Небереңиз менден жакын кызың болсун. Эл алдында кызың менен сыймыктанган, Жарык чачып күлүп турган жүзүң болсун. Эң кымбатың эмне десе сиз дептирмин, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Өмүр бою актай албайм ак сүтүңдү, Апакебай, мен алдыңда милдеттүүмүн. Кайырма: